Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары министрлигинде жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 08 Апрель 2025 15:00
67f4e14c01693-thumb.jpeg
67f4e15a1f326-thumb.jpeg
67f4e15b0c9a4-thumb.jpeg
67f4e1596b646-thumb.jpeg
67f4e15127842-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67f4e14c01693-thumb.jpeg
67f4e15a1f326-thumb.jpeg
67f4e15b0c9a4-thumb.jpeg
67f4e1596b646-thumb.jpeg
67f4e15127842-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде кеңейтилген курамда көчмө жыйын өткөрүлдү. 

Отурумда министрликтин ишмердүүлүгүн 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып, ведомствонун учурдагы абалы талкууланды. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын геология тармагын оптималдаштыруу жана өнүктүрүү, "Жашыл мурас" улуттук демилгени илгерилетүү, калдыктарды кайра иштетүү инфраструктурасын кеңейтүү жана жандандыруу, аймактардагы таштанды полигондорун калыбына келтирүү, экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү маселелерин айтып, бул багытта иштерди күчөтүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин билдирди. 

Ошондой эле буга чейин коюлган пландардын натыйжалуу аткарылышынын, экологиялык тартипти бузууларга күчөтүлгөн тартипте көзөмөл кылуунун, министрликтин жана анын карамагндагы уюмдардын ишин жакшыртуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулуп, жыйынтыгында жогорудагылар боюнча далилдүү тапшырмалар берилди.