Бакыт Төрөбаев Түркиянын элчисин кабыл алды

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Июль 2025 14:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. 

Анда, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуу маселелери өзгөчө орунду ээлеп, эки өлкөнүн лидерлери тарабынан өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырма берилгени айтылды. 

Ушуга байланыштуу, учурда эки тараптуу соодада орун алган техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын Түркияга экспорттоону жолго коюу үчүн жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Ошондой эле Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон ролу белгиленди.