Бакыт Төрөбаев Пекинде Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча дүйнөлүк конгресске катышты

Министрлер кабинети Загрузка... 08 Июль 2025 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапарынын алкагында Пекинде Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча 12-дүйнөлүк конгрессине катышты. 

Алгач, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Чжан Гоцин, Польшанын инфраструктура министри, доктор Алан Беруд, Лаостун Улуттук кеңешинин вице-президенти Соммад Полсен жана Кытай, Монголия, Өзбекстандын транспорт министрлери сыяктуу бир катар мамлекеттерден конгресске катышуу үчүн келген делегация башчылары менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. 

Конгрессте сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү азыркы шарттарда жаңы транспорттук каттамдарды түзүү өтө маанилүү экенин белгилеп, бул багытта биринчи долбоор – Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин саясий эркинин аркасында ишке ашырылып жатканын билдирди. 

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн жогорку деңгээлде бирдиктүү иш графиги бекитилип, стандарттар шайкеш келтирилип маселелерди тез арада чечүү механизмдери түзүлдү. Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы жүктөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуучу каттамдын борбору боло турган “Макмал” жүк ташуу станциясы Кыргызстандын аймагындагы негизги объект болот. Логистикалык борборлорду, кампаларды, бажы инфраструктурасын, мультимодалдык кызматтарды түзүү пландаштырылууда, бул толук кандуу инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул темир жол стратегиялык мааниге ээ долбоор экенин, талкуу стадиясынан практикалык ишке ашыруу планына өткөнүн белгилегим келет. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эң кыска темир жол көпүрөсү түзүлүүдө, ал Европа жана Жакынкы Чыгыш базарларына жүк ташып, маанилүү транспорттук артерияны түзөт”, - деди ал. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтыйт жана анын бардык аймактарында курулуш иштери башталган, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт. 

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын экинчи максаты Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек араларынын ортосундагы "Бедел" көзөмөл өткөрүү пункту стратегиялык долбоорун алдыга жылдыруу экенин билдирди. 

“Өткөн жылы “Бедел” убактылуу өткөрүү пункту ачылып, анын иш жүзүндө ишке ашырууга даярдыгы тастыкталган. Бүгүнкү күндө негизги этап болуп заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” эл аралык автожолунун курулушу саналат. Келечекте “Аксу - Бедел - Балыкчы” темир жол линиясын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул эл аралык темир жол коридорунун жалпы конфигурациясын бекемдейт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызыккан өнөктөштөрдү “Бедел” автожолун курууда кызматташууга чакырабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашуун. Ал эми, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү акыркы бир нече жылда 8 эсеге көбөйүп, өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд долларды түздү.

Кошумчалай кетсек, конгресске катышуу үчүн дүйнөнүн 108ден ашуун мамлекетинен өкүлдөр келген. Жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду курууну талкуулаган 12-дүйнөлүк конгресс үч күнгө уланат.