Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу лампа заводунда көчмө жыйын өткөрүп, бир катар чечимдерди кабыл алды

Министрлер кабинети 02 Январь 2026 14:23
FB_IMG_1767342074271.jpg
FB_IMG_1767342076543.jpg
FB_IMG_1767342079117.jpg
FB_IMG_1767342081513.jpg
FB_IMG_1767342083852.jpg
FB_IMG_1767342086137.jpg
FB_IMG_1767342089447.jpg
FB_IMG_1767342092194.jpg
FB_IMG_1767342101449.jpg
FB_IMG_1767342103715.jpg
FB_IMG_1767342106805.jpg
FB_IMG_1767342109817.jpg
FB_IMG_1767342112207.jpg
FB_IMG_1767342114591.jpg
FB_IMG_1767342117200.jpg
FB_IMG_1767342120060.jpg
FB_IMG_1767342123142.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767342074271.jpg
FB_IMG_1767342076543.jpg
FB_IMG_1767342079117.jpg
FB_IMG_1767342081513.jpg
FB_IMG_1767342083852.jpg
FB_IMG_1767342086137.jpg
FB_IMG_1767342089447.jpg
FB_IMG_1767342092194.jpg
FB_IMG_1767342101449.jpg
FB_IMG_1767342103715.jpg
FB_IMG_1767342106805.jpg
FB_IMG_1767342109817.jpg
FB_IMG_1767342112207.jpg
FB_IMG_1767342114591.jpg
FB_IMG_1767342117200.jpg
FB_IMG_1767342120060.jpg
FB_IMG_1767342123142.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусунда “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун маселелерине байланыштуу жеринде көчмө жыйын болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровдун ыкчам тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводду сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланды. Ишкана кызматкерлери тарабынан өндүрүштүн кыскарышы, эмгек акынын кечиктирилиши жана жумушсуз калуу коркунучу боюнча тынчсыздануулары айтылды.

Ага ылайык, завод кызматкерлерине төлөнбөй келген акыркы үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү тескеменин долбоору даярдалып, ошондой эле инвестор тартуу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Өндүрүш толук жанданганга чейин заводдун кызматкерлери убактылуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарылары маалымдалды. Өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык компенсациялар төлөнүп берилээри кошумчаланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлөөрүн, өндүрүштү диверсификациялоо жана жаңы багыттарды ачуу боюнча талдоо жүргүзүлөрүн билдирди. Ал ошондой эле кызматкерлердин айлык маяналары 2026-жылдын январь айынын аягына чейин толук төлөнөөрүн билдирди.

Мындан тышкары, заводдун башкаруу системасын жакшыртуу максатында Эсептөө палатасы тарабынан ишкананын каржылык жана башкаруучулук ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берилери маалымдалды.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда заводдо чыгарылып жаткан лампаларды (лампа накаливания) өндүрүү токтотуларын айтып, мындай продукция дүйнө жүзүндө колдонулбай калганын белгиледи.

Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштеринин бир канча түрү өндүрүлөт (стеклотара, бөтөлкө, банка, светодиодная лампа).

Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаарында жайгашкан бул Майлуу-Суу лампа заводу 1964-жылдан тартып курулуп иштеп баштаган. Азыркы убакытка чейин заводдун иш алып баруусунда башкаруу формасын уюштурууда мамлекеттик ишкана, акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом болуп бир нече жолу өзгөрүлгөн.