Бакыт Төрөбаев Каракол – Эңилчек жолунун курулушун текшерди

Министрлер кабинети 09 Июль 2026 19:07
6a4f8f2695f4f (1).jpeg
6a4f8f2843e4b.jpeg
6a4f8f27d01a9.jpeg
6a4f8f27b9386.jpeg
6a4f8f26b93bd.jpeg
6a4f8f2695f4f.jpeg
Алдыга
Артка
6a4f8f2695f4f (1).jpeg
6a4f8f2843e4b.jpeg
6a4f8f27d01a9.jpeg
6a4f8f27b9386.jpeg
6a4f8f26b93bd.jpeg
6a4f8f2695f4f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Каракол – Эңилчек унаа жолунун курулушунун жүрүшүн текшерди.

Атайын өкүл курулуштун жүрүшүн карап чыгып, объектилерди текшерип, долбоорду ишке ашыруу боюнча подрядчылардын жана жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн отчетторун укту.

Бекитилген иш графигин сактоого, курулуштун сапатына жана курулуш материалдарын жана атайын жабдууларды өз убагында камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Каракол – Эңилчек жолу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, алыскы калктуу конуштарга жетүүнү жакшыртуу жана Ысык-Көл аймагынын туристтик жана экономикалык потенциалын ачуу үчүн маанилүү экени белгиленди.

Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев подрядчыларга курулуш иштеринин жогорку сапатта жүргүзүлүшүн камсыз кылууну, долбоордун мөөнөттөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнү жана курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.