Бакыт Төрөбаев Ишкерлер күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты

Министрлер кабинети 19 Сентябрь 2025 13:15
68ccf2bd538dc-thumb.jpeg
68ccf2bd60aa6-thumb.jpeg
68ccf2c598e95-thumb.jpeg
68ccf2c5936b1-thumb.jpeg
68ccf2d6a5a87-thumb.jpeg
68ccf2e0cac20-thumb.jpeg
68ccf2e0cca36-thumb.jpeg
68ccf2ec9b39c-thumb.jpeg
68ccf2ec99a28-thumb.jpeg
68ccf2ecc70bd-thumb.jpeg
68ccf2ecd5c9c-thumb.jpeg
68ccf2ed02809-thumb.jpeg
68ccf2ed16434-thumb.jpeg
68ccf2f7ec209-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68ccf2bd538dc-thumb.jpeg
68ccf2bd60aa6-thumb.jpeg
68ccf2c598e95-thumb.jpeg
68ccf2c5936b1-thumb.jpeg
68ccf2d6a5a87-thumb.jpeg
68ccf2e0cac20-thumb.jpeg
68ccf2e0cca36-thumb.jpeg
68ccf2ec9b39c-thumb.jpeg
68ccf2ec99a28-thumb.jpeg
68ccf2ecc70bd-thumb.jpeg
68ccf2ecd5c9c-thumb.jpeg
68ccf2ed02809-thumb.jpeg
68ccf2ed16434-thumb.jpeg
68ccf2f7ec209-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, 20-сентябрь – Ишкерлер күнү жана 25-жылдык мааракеге байланышкан салтанаттуу иш-чарага катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан ишкерлерди куттуктап, өлкөнүн экономика тармагындагы аткарылып иштерине токтолду. Маселен, акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча – ИДП ар бир жылы 9 пайыздан төмөн эмес темпте өсүп жатканын, ал эми 2025-жылы экономиканын ар бир айдагы өсүшү 11,5% деңгээлинде болуп, ошол эле убакта инфляциянын базалык  деңгээли 14 пайыздан 4,7 пайызга чейин төмөндөдөгөнүн билдирди. 

“Курулуш тармагындагы өсүш – 42%ды көрсөтүп, өнөр жайдагы өсүш – 10% деңгээлинде. Учурда жылына “100 өнөр жай объекттерин” ачуу салтка айланууда. Эгемендик күнүнө карата 76 ишкана ишке киргизилди, жылдын аягына чейин 134 өнөр жай объекттери ачылат деп турабыз. Бүгүнкү күндө өлкөдө 460 миңден ашык чакан жана орто ишкердик субъекттери катталган. Мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоо максатында 2022–2025-жылдары “Кичи, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо”, “Айыл чарбасын каржылоо-12-13” сыяктуу чакан жана орто ишкерлерге багытталган жеңилдетилген насыялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Министрлер Кабинети өз саясатын бизнес менен диалогго негиздейт. Мамлекеттин, ишкерлердин жана коомдун биргелешкен иши аркылуу гана биз Кыргызстандын экономикасын туруктуу, инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү кыла алабыз. Майрамыңыздар куттуу болсун”, – деди минкаб төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоо максатында – тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө “Кызматтык паспорт” берүү, экономикага салым кошкондорго “Ардактуу ишкер” мамлекеттик наамын ыйгаруу, Улуттук консорциум түзүү, “Кыргызстанда жасалган” бренди аркылуу экспортту өнүктүрүү, санарип жана инновацияны киргизүү сыяктуу бир катар иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. 

Өлкө креативдүү экономиканы жана санарип секторду өнүктүрүп жатканы да айтылды. Маселен, 2023-жылы Креативдүү индустриялар паркы ишин баштаган. Анда бүгүнкү күнгө карата анын резиденттери катары дизайн, IT, анимация, музыка жана кино тармактарында иш алып барган 110 компания жана ишкер катталган. Ошондой эле, Жогорку технологиялар паркындагы ийгиликтер белгиленип, 2024-жылы анын резиденттери 477 компанияны түзгөн. 

Иш-чаранын соңунда өз тармагында ийгилик жараткан ишкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук органдардын сыйлыктары тапшырылды.