Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун эксперттери менен жолукту

Министрлер кабинети 11 Август 2025 19:02
6899db912a6be (1).jpeg
6899dba2b5d24.jpeg
6899dba2b3813.jpeg
6899db9bc75c0.jpeg
6899db95ac863.jpeg
Алдыга
Артка
6899db912a6be (1).jpeg
6899dba2b5d24.jpeg
6899dba2b3813.jpeg
6899db9bc75c0.jpeg
6899db95ac863.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Мереке Тайтубаев баштаган эксперттер менен жолукту. 

Делегация Кыргызстанга ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун баалоо миссиясын жүргүзүү үчүн келген.

Жолугушууда Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму өлкөдө ветеринардык кызматты өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин сүйлөштү. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары эксперттерге кесипкөйлүгү жана улуттук ветеринардык системаны бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул баалоо тармакты модернизациялоого жана эл аралык таанылууга карай маанилүү кадам экенин кошумчалады.  

Ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштердин катарына – эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, мыйзамдык базаны эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү, ооруларды мониторинг кылуу жана эпидемиологиялык маалымат алмашуу системасын киргизүү, лабораторияларды модернизациялоо жана чек арадагы ветеринардык көзөмөл пункттарын заманбап жабдуулар менен камсыздоо киргизилди. 

Ошондой эле, тармактагы ырааттуу реформалар эпизоотиялык туруктуулукту жогорулатууга жана Кыргызстандын коопсуз айыл чарба продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга шарт түзүлгөнү белгиленди.

Мындан тышкары, министрлер кабинети Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму менен жакынкы келечекте малдын шарп ылаңына каршы эмдөө менен "таза аймак" расмий макамына жетүү үчүн тыгыз кызматташаары белгиленди.