Бактыгулов: Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу – Кыргызстан үчүн ири флагмандык долбоор — Кабар

Бактыгулов: Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу – Кыргызстан үчүн ири флагмандык долбоор

Пикир 31 август 2026 13:05
WhatsApp Image 2026-08-31 at 09.17.23.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгын геосаясий жана геоэкономикалык өңүттөн баалап, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун Кыргызстан үчүн эң ири флагмандык долбоорлордун бири деп атады.

Анын айтымында, темир жол үч мамлекеттин биргелешкен аракети менен курулуп, долбоордун каржылоосу, каттамы жана кирешени бөлүштүрүү маселелери боюнча тиешелүү макулдашуулар жетишилген.

Бактыгуловдун пикиринде, бул темир жол Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан үчүн гана эмес, жалпы Азия жана Европа өлкөлөрүнүн экономикасы, ишкерлери жана калкы үчүн маанилүү транспорттук коридорго айланат.

“Бул жол ШКУнун жана КМШнын транспорттук коридорлору менен байланышкан жалпы маанилүү маршрут болуп эсептелет. Башка өлкөлөр, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттер жана коңшу өлкөлөр бул жол аркылуу каттамдарын сегиз күнгө чейин кыскарта алышат”, — деди ал.

Эксперт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аймактагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.