Кыргызстан Кытай менен соода жүгүртүүнү 40 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт — Кабар

Кыргызстан Кытай менен соода жүгүртүүнү 40 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт

Пикир 31 август 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-08-31 at 09.17.23.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Кыргызстан Кытай менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы 2-4 жылдын ичинде 40 млрд АКШ долларына жеткирүүнү максат кылууда. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 29 млрд долларга чейин жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов “Ала-Тоо 24” каналынын түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 17 млрд доллардын тегерегинде болгон.

“Бүгүнкү күнгө коюлган максат — соода жүгүртүүнү 2-4 жылдын ичинде 40 млрд долларга чейин жеткирүү. Бул абдан маанилүү жана амбициялуу максат”, — деди Бактыгулов.

Эксперт белгилегендей, соода жүгүртүүнүн өсүшү бир гана статистикалык көрсөткүч эмес. Анын артында бюджетке түшкөн каражат, ишкерлердин кирешеси, ошондой эле жаңы мектептердин, жолдордун, ооруканалардын жана башка социалдык объектилердин курулушу турат.

Бактыгуловдун пикиринде, соода жана инвестиция жаатында Кытай Кыргызстан үчүн негизги өнөктөш болуп саналат. Муну менен катар Кытай дүйнөлүк экономикадагы лидер мамлекеттердин бири экенин белгиледи.

“Кытайдан биздин өлкөгө келген каражат негизинен түз инвестициялар болуп жатат. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн экономиканы өнүктүрүшүбүз зарыл. Ошондуктан соода жана инвестиция жагынан Кытай биз үчүн биринчи өнөктөш болуп жатат”, — деди эксперт.

Ал ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин үчүн Кыргызстандын өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

“Кыргызстан Кытай лидери Си Цзиньпин үчүн өзгөчө орунда. 2013-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга биринчи жолу келген жылы Кытайдын төрагасы кызматына дайындалган. Биринчи жолу ошо жылы ШКУнун саммитине катышуусунда мурунку Советтер союзундагы өлкөлөргө келгени Кыргызстан болуп калган”,- деди ал.

Эксперт ШКУнун саммити менен Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын 31-августка туш келишине да токтолду.

“ШКУнун саммиттери адатта июнь айында өткөрүлүп келген. Анткени, ШКУ өзү 15-июнда негизделген. Бирок, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү мааракелерге байланыштуу саммиттин мөөнөтү өзгөртүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бул жолку ШКУ саммити жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары атайын 31-августка уюштурулду”, — деди Бактыгулов.

Анын белгилешинче, бул күн Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени, 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Мындай маанилүү күнү өлкөгө жогорку даражадагы меймандардын келиши Кыргызстандын эл аралык аброюнун жана мамлекеттер аралык мамилелердин маанилүүлүгүн көрсөтөөрүн кошумчалады.