Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Финансы министрлиги Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге эмерек, төшөнчү жана башка керектүү буюмдарды тапшырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мекемеде учурда 78 адам жашайт. Алардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында 20 функционалдык керебет, 60 ортопедиялык матрас, 60 бир кишилик керебет, 80 тумбочка, 40 шкаф, ошондой эле стол, отургуч, жууркан, төшөк жабуусу жана жаздык алынып берилди.
Мындан тышкары, медициналык жана чарбалык керектелүүчү буюмдар, ошондой эле “Желмаян” жеңил транспорт каражаты сатып алынды.