Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунда 266 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштери башталды.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин алкагында 39 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өкторүү иштери пландалып, 126 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат.
Мындан тышкары, Бакай-Ата районунда 615,439 км 10-0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 18,600 км аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Бакай-Ата районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, ал эми 2 даанасы 63 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.
Муну менен катар, Бакай-Атада 7 800 даана акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери жүрүүдө.
Талас электр тармактар ишканасынын пландалган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөр Талас электр тармактарынын официалдуу сайтында http://tpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесинде жайгаштырылат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз.
Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209
Вотсап: +996 556 00 1209
"Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртат",-деп айтылат маалыматта.