Байсалов Украинанын элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды

Министрлер кабинети 18 Декабрь 2025 18:25
6943e53d536f3.jpg
6943e53d3a1be.jpg
6943e53d54a73.jpg
6943e53d3a1bf.jpg
Алдыга
Артка
6943e53d536f3.jpg
6943e53d3a1be.jpg
6943e53d54a73.jpg
6943e53d3a1bf.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык саясаттын жана кыргыз-украин эки тараптуу мамилелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап Украинадагы кан төгүүнү тез арада токтотуу жана гуманитардык ой-пикирлердин артыкчылыгынан келип чыккан саясий-дипломатиялык жөнгө салууга жетишүү боюнча эл аралык сүйлөшүү демилгелерин колдоо зарылдыгынан келип чыккан өзүнүн бекем позициясын билдирди.

Жыйынтыгында үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды колдоого жана талкууланган маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга эки тараптын тең даярдыгы ырасталды.