Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Министрлер кабинети 20 май 2025 11:46
682c00add4b28-thumb.jpg
682c00b31bc2a-thumb.jpg
682c00ba21d36-thumb.jpg
682c00bf4afe6-thumb.jpg
682c00c6bda7e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
682c00add4b28-thumb.jpg
682c00b31bc2a-thumb.jpg
682c00ba21d36-thumb.jpg
682c00bf4afe6-thumb.jpg
682c00c6bda7e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары (УАЖК) Кристоф Камп менен жолугушту.

Эдил Байсалов Кристоф Кампты жакында бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын УАЖК кеңсеси менен көп жылдык конструктивдүү жана туруктуу кызматташтыгын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык ынтымак, инклюзивдик саясатты илгерилетүү маселелери, ошондой эле коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча диалог үчүн аянтча катары ЕККУнун ролу талкууланды.

Эдиль Байсалов УАЖК кеңсеси тарабынан жүргүзүлгөн эксперттик жана консультативдик колдоону, анын ичинде толеранттуулукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган билим берүү жана жаштар программаларын ишке ашырууга көмөктөшүүнү жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча универсалдык мезгилдүү сереп процедурасынан өтүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоону жоюу боюнча комитетине улуттук докладдын сунуштоосунун жыйынтыктары менен бөлүштү.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Кыргызстан бүгүн өзүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өсүштү башынан өткөрүп жатат жана биздин өкмөт үчүн коомдун бир дагы тобу бул прогресстен четте калбашы принципиалдуу мааниге ээ. Бүгүнкү күндө биздин бүтүндөй көп улуттуу элибиз адилеттүү, туруктуу жана гүлдөгөн мамлекетти куруу - жалпы максат алдында биригип, анда ар бир жаран - тегине, тилине жана динине карабастан - өзүнүн дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Жакынкы жылдары коомдогу ынтымакты мындан ары чыңдоо, жарандардын өлкө турмушуна катышуусун кеңейтүү жана Кыргызстанды өз мекени деп эсептеген ар бир адамдын укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясат кыйла күчөтүлөт”.