Байсалов Бишкектеги азиз балдардын мектеп-интернатындагы салтанатка катышты

Министрлер кабинети 26 май 2025 16:00
6833e2ae9a7a2-thumb.jpeg
6833e2ae66914-thumb.jpeg
6833e2ae66923-thumb.jpeg
6833e2aea0fd4-thumb.jpeg
6833e2aec5ce9-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6833e2ae9a7a2-thumb.jpeg
6833e2ae66914-thumb.jpeg
6833e2ae66923-thumb.jpeg
6833e2aea0fd4-thumb.jpeg
6833e2aec5ce9-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Бүгүн республиканын бардык мектептеринде салтка айланган акыркы коңгуроо жаңырды — бул мектеп окуучуларынын окуу жылы менен коштошкон күнү. Быйыл өлкө боюнча 80 миңден ашуун он биринчи класстын окуучулары жана 135 миңден ашык тогузунчу класстын окуучулары бүтүрүүчүлөр.

Эдил Байсалов бүтүрүүчүлөргө, мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылып, алардын эмгегине, чыдамкайлыгына жана өжөрлүгүнө чын ыкластуу ыраазычылыгын билдирди. Ал инклюзивдик билим берүүнүн адилеттүү коомду куруудагы өзгөчө маанисин белгилеп өттү — ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүк жаратуу маанилүү экенин баса белгиледи.

«Бүгүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунда акыркы коңгуроо жаңырып жатат. Бул миңдеген үй-бүлөлөр үчүн маанилүү жана толкундуу учур. Бирок бул жерде — күн сайын кыйынчылыктарды жеңип жаткан балдардын арасында — бул учур өзгөчө мааниге ээ. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана келечегиңиздерге ишенебиз!» — деди ал өз сөзүндө.

Салтанаттын соңунда акыркы коңгуроо жаңырып, бүтүрүүчүлөр мугалимдерден жана коноктордон ак жол каалаган сөздөрдү угушту.