Бишкек, 09.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапарынын алкагында Азербайжандын премьер-министринин орун басары Самир Шарифов менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, өз ара инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар президент Садыр Жапаровдун жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин көңүл буруусунун жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде экенин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп берерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришип, эки жактуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.