Байдарка жана каноэде сууда сүзүү боюнча спортчулар сыйланды

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Июнь 2025 17:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүүздөгү жылдын 7-майынан 12-майына чейин Кытайдын Наньчан шаарында өткөн Азия чемпионатына катышкан Байдаркада жана каноэде калак менен сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын өкүлдөрү менен жолукту.

Белгилей кетсек, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу спортчу Эрлан Султангазиев байдаркада калак менен сууда боюнча 200 метр К-1 аралыктагы жарышта Азия чемпиону болду.

Жолугушуунун катышуучуларына министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан акчалай сертификаттар тапшырылды:

  • Эрлан Султангазиев - 500 000 сомдук сертификат;
  • Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Олег Роганов – 200 000 сомдук сертификат
  • Эрлан Султангазиевдин жеке машыктыруучусу Виктор Чуракаев - 200 000 сомдук сертификат.

“Мекендештерибиз үчүн каноэде менен байдаркада спорттун салттуу түрү боло элек жана Азия чемпионатында алтын медалга ээ болуу баарыбыз үчүн жагымдуу белек болду. Биз бул окуяга кубанычтабыз жана сиздерди бул жеңишиңиздер менен куттуктайбыз. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 200 метр аралыкка К-1 түрү боюнча Азия чемпиону болдуңуз. Алдыда сиздерди жаңы бийиктиктер – Дүйнөлүк чемпионаттар жана Олимпиада оюндары күтөт деп ишенебиз”, - деди Адылбек Касымалиев.

Жолугушууда спорттун бул түрүн өнүктүрүүнүн келечеги жана мамлекеттик колдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, чемпионатка Кыргыз курама командасынын атынан үч спортчу: Эрлан Султангазиев, Радион Туйгунов жана Рысбек Төлөмүшев катышкан.

Башкы машыктыруучу Олег Рогановдун жетекчилиги астында команда эл аралык аренада мыкты оюн көрсөтүп, жогорку даярдыкты көрсөтүшкөн.