Бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн бир катар ишкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” ардак наамы “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрлист Акунбековго ыйгарылды. “Кабар” агенттиги сыйлыкка татыган ишкер Эрлист Акунбеков менен дыйкан-фермерлердин ишин илгерилетүү үчүн жасалып жаткан иштери жана пландары туурасында маектешти.
- Саламатсызбы, сыйлыгыңыз кут болсун! Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн көп күч-аракетиңизди жумшасаңыз керек. Ишкердикке киришкениңизге канча жылдын жүзү болду?
- “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомун ачып, иш жүргүзүп жатканыбызга 15 жыл болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500 миң дыйкан болсо, ошонун 90 пайызы менен иш алып барабыз. Биз дыйкандарга үч багытта жардам беребиз: биринчиси, дыйкандарды урук, үрөн, жер семирткич менен камсыздайбыз. Ошондой эле, дыйкан-фермелердин ишин бир кыйла жеңилдеткен заманбап айыл чарба техникаларын беребиз. Өсүмдүк өстүрүү боюнча агрономдорубуз, мал багуу тууралуу кеп-кеңештерин бере турган ветеринарларыбыз бар. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын экспорттоо багытында иш алып барабыз. Дыйкандар түшүмдөрүн жыйнаганда биз менен иштешкендиктен, каякка сатам деп кыйналбайт. Муну менен биз дыйкандарыбыздын суудан башка бардык маселесин чечүүгө көмөктөшөбүз десек болот.
- Бүгүнкү күндө өлкөдө айыл чарба тармагында ишин баштаган дыйкан-фермерлер, чакан жана орто ишканалардын саны арбып жатат. Аларга туура кеп-кеңештерин бере турган адистериңиздер жетиштүүбү?
- Бишкекте “Агродиалог” форуму өттү. Биз анда Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен келишим түздүк. Эми алар бизге 120 бүтүрүүчүнү, анын ичинде 40 ветеринар, 40 агроном, 40 өсүмдүктөрдү коргоо адисин даярдап берет. Биз жумуш орундарынын санын көбөйтүү аркылуу жаш кадрларды иш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түздүк.
Дыйкандар продукциясын кымбат баада сатканга кызыкдар. Мындан улам биздин бардык облустарда дыйкандардын эл аралык стандарттарга жооп бере турган айыл чарба продукциясын өстүрүүсү, өндүрүүсү үчүн кеңештерин байма-бай бере турган 350дөй кызматкерибиз иштеп жатат.
- Мол түшүм берген, жаңы сорттогу үрөн, уруктарды өлкөгө кайсы мамлекеттерден алып келесиздер?
- Биз үрөндөрдү, уруктарды Европа, АКШ, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерден импорттойбуз. Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз алгач мамлекетти өзүбүздүн продукциялар менен камсыздап, ашкандарын башка өлкөлөргө экспорттошубуз керек. Ошондуктан биз сапатка жана көлөмгө өзгөчө маани беребиз.
- Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу боюнча кандай иштерди жасап жатасыздар?
- Президент Садыр Жапаровдун агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча тапшырмасына ылайык, министрлер кабинети тарабынан бизге колдоо көрсөтүлүп, Кытайдан өнөктөштөрдү таптык. Алар менен 13 гектар жерге кампа куруп бүттүк. Инвестициялык долбоордун жалпы суммасы 30 млн долларды түзөт. Бул ири долбоор аркылуу Кытайга жол ачылды. Эми дыйкандар өстүргөн продукцияларды эч тоскоолдуксуз Кытай базарына чыгарабыз. Учурда аккредитация иштери жүрүүдө. Февралдын аяк ченинде толугу менен терминалыбыз ишке киргизилип, ачылат.
- Жылына канча көлөмдөгү продукцияны экспорттоо пландалууда?
- Быйыл 200 миң тонна жүгөрүнү экспорттойбуз деп турабыз. Бул биздин эсебибизде 150 млн долларга бааланган продукция. Мен жогоруда да айтып кеткендей, биз санга да, сапатка да маани беребиз. Сырттан алып келинген үрөн, уруктарды өзүбүздүн “Бай Дыйкандын” 100 гектардан ашык жери бар, ал жакта сынап көргөндөн кийин түшүмдүүлүгүн карап, анан дыйкандарга ошол продукциябызды сунуштайбыз.