Кыргызстандын Социалдык фондунун башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде пенсиялардын жогорулашы мурдагы пландаштырылгандан да жогору болорун билдирди. Ал мунун кандайча ишке ашаарынын механизмдери жана кабыл алынган чечимди ишке ашыруу этаптары тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле Алиев орточо эмгек акынын өсүшүн жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен пенсияларды өз убагында жана адекваттуу индексациялоону камсыз кылуу артыкчылыктуу милдеттердин катарында кала берерин белгиледи. Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча пенсиялык системаны туруктуу өнүктүрүүгө жана улгайган жарандардын жана аярлуу катмарлардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чаралар көрүлүүдө.

-Кыргызстандын жетекчилиги 2025-жылдын октябрь айынан тарта пенсияларды 7 пйызга көтөрүү жөнүндө жарыялады эле. Мындан тышкары, эмгек стажы жетишсиз болгон бардык жарандардын пенсиялары пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирилет. Бул чечимди ишке ашыруу механизми жөнүндө жана курактык жөлөк пулдар орточо эсеп менен канчага көбөйөт?
- Биринчиден, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун алкагында керектүү камсыздандыруу стажы бар жарандар курактык, майыптык жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу экенин белгилей кетүү керек.
Пенсиялык системаны кезектеги реформалоонун алкагында өткөн жылы минималдуу талап кылынган стаж боюнча ченемдер киргизилген, ошого байланыштуу пенсия алууга керектүү стажы бар камсыздандырылган адамдар гана укуктуу, мында пенсиянын базалык бөлүгү стажына жараша пропорционалдуу эсептөөсүз, толук, белгиленген өлчөмдө дайындалат жана төлөнөт.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу жана базалык пенсиялардын бөлүктөрү индексацияланды, мунун эсебинен толук пенсиялардын көрсөткүчү 6 900 сомдон кем эмес деңгээлге жеткирилди. Ошону менен бирге, пенсияларды дайындоо боюнча норма 6900 сомдон кем эмес өлчөмдө ушул күндөн кийин да белгиленди.

Быйыл 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,10 индексация коэффициентине, башкача айтканда 10%га индексациялоо пландаштырылууда. Бул мурда каралган 7 пайыз деңгээлинен жогору, ал 2025-жылга Социалдык фонддун бюджетин түзүүдө каралган. Көбөйүү орточо эмгек акынын өсүшүнө жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индексине байланыштуу, ошондой эле пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоого багытталган.
Жогоруда айтылгандай, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга көбөйтүлөт, бирок 600 сомдон кем эмес, ал эми камсыздандыруу бөлүктөрү 50 миң сомдон ашкан пенсиялар үчүн көбөйтүүнүн өлчөмү 5 миң сомду түзөт. Ошондой эле КР Конституциясынын 44-беренесин аткаруу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жаңы дайындалган пенсиялардын жалпы өлчөмү кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен 7 100 сомдон кем болбошу сунушталат (2024-жыл үчүн жашоо минимуму 7 064 сомду түздү), "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамында каралган учурларды кошпогондо.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, индексациядан кийин республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 11 226 сомду түзөт жана жогорулатуу 818 миңден ашык пенсионерди камтыйт. Ошондой эле пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Социалдык фонд бюджеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жыл сайын пенсияларды индексациялоо жолу менен жогорулатуу практикасын улантат.
-Пенсияларды көтөрүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша экени түшүнүктүү. Кыргызстандын экономикасы азыр өнүгүү жолунда экенин көрүп жатабыз, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн олуттуу программасы кабыл алынды, анда социалдык маселелер мамлекеттин биринчи кезектеги приоритеттерине киргизилген. Буга байланыштуу эгерде биз бир аз алдыга көз чаптырсак, анда жакынкы 5 жылга Социалдык фонддун алдына карылар, ошондой эле жөлөк пулга түздөн-түз көз каранды болгон калктын аялуу катмарларын пенсиялык камсыздоо жаатында кандай милдеттер коюлган?
- Акыркы он жылдыкта мамлекеттин экономикалык туруктуулугу жана карылык курактагы калкты социалдык жактан камсыз кылуу үчүн пенсиялык системанын маанилүүлүгүн кеңири түшүнүү пайда болду.
Он жылдан ашык убакыттан бери пенсиялык система каржылык жактан туруктуу жана пенсионерлерге татыктуу колдоо көрсөтүп келет. Пенсионерлер өлкө калкынын 11 пайызынан бир аз көбүрөөгүн түзөт, ал эми карылык боюнча пенсиялык камсыздоо системасы пенсия курагынан өткөн дээрлик бардык адамдарды камтыйт, мында орточо пенсия пенсионерлер үчүн иш жүзүндөгү жашоо минимумунан дээрлик 1,5 эсеге жогору. Пенсиялык чыгымдар ИДПнын болжол менен 8 пайызын түзөт, бул жан башына кирешеси окшош өлкөлөр үчүн жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Пенсиялык камсыздоо системасы көп компоненттүү болуп саналат жана төрт негизги элементтин айкалышын карайт: а) жакырчылыкты кыскартуу маселесин активдүү чечүүгө багытталган пенсиянын базалык бөлүгү; б) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн жана эмгек акы жана өмүр узактыгы менен байланышкан пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү; бул компонент жумушчунун эмгек акысынын бир бөлүгүн компенсациялоого багытталган; с) пенсиянын топтоочу бөлүгү, иш жүзүндө жумушчунун өзүнүн аманат эсеби болуп саналат, бирок ар кандай варианттарда колдонулат; d) ар кандай схемаларды карай турган "ыктыярдуу компоненти".
Жогоруда саналып өткөн элементтерди камтыган пенсиялык камсыздоо системасы бир катар себептерден улам жарандарды диверсификациянын негизинде пенсиялык кирешени натыйжалуу жана рационалдуу камсыз кылууга жөндөмдүү. Ошондой эле, пенсионерлер арасындагы жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн маанилүү критерийи болуп пенсияларды жыл сайын инфляциянын жана эмгек акынын өсүшүнө жараша индексациялоо, ата-энесинин биринен айрылган балдарга пенсиянын базалык бөлүгүн 3000 сом, эки ата-энесинен тең айрылган балдарга 6000 сом өлчөмүндө жана, пенсияларга айрым төлөмдөрдү белгилөө жана башкалар саналат.

Ошол эле учурда социалдык камсыздандыруунун жана пенсиялык камсыздоонун натыйжалуу жана таасирдүү системасы улгайган жарандардын жетиштүү жашоо деңгээлин сактоого көмөктөшүшү керек. Пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, улуттук өнүгүү максаттарына жетүү үчүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү боюнча алдын ала чараларды талап кылат.
Ушуга байланыштуу Социалдык фонд тарабынан реформалоонун алкагында республикадагы социалдык, экономикалык жана демографиялык абалды эске алуу менен пенсиялык системанын параметрдик түзөтүүлөрү туруктуу негизде жүргүзүлөт. 2024-жылы ишке ашырылган реформалоонун акыркы этабы пенсияны дайындоонун камсыздандыруу принциптерин күчөтүүгө жана пенсияны түзүүдө жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөр жакында эле киргизилгендиктен, бул пенсия системасына кандай таасир этерин аныктоо азырынча эрте.
Социалдык фонддун башкы милдети болуп Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен пенсиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу саналат. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана пенсияларды индексациялоонун натыйжасында пенсиялардын деңгээли пенсионердин жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлге жетүүгө мүмкүн болду. Мында акыркы үч жылда пенсияларды индексациялоо олуттуу темптер менен жүргүзүлүүдө:
- 2022-жылы пенсиялар орточо эсеп менен 33 пайызга же болжол менен 2000 сомго көбөйдү;
- 2023-жылы республикалык бюджеттин катышуусуз пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин 38 пайызга же орточо эсеп менен 1700 сомго көбөйтүлдү;
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып пенсиянын пропорционалдуу түрдө эсептелген базалык бөлүгү пенсиянын белгиленген базалык бөлүгүнүн өлчөмүнө (3170 сом) чейин жеткирилди, бул жогорулатуу дээрлик 98 миң пенсионерге тиешелүү болду;
- 2024-жылдын 1-октябрынан тартып КР президентинин жарлыгына жана министрлер кабинетинин токтомуна ылайык пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 18 пайызга, бирок 1000 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүлдү.
Ошону менен бирге КР Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткаруу үчүн, пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылы түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунан (6900 сом) төмөн болгон пенсиялар үчүн, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, пенсиялардын жалпы өлчөөсүн 6 900 сомго чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жүргүзүлдү.
Мындай көрсөткүчтөр кызматкерлердин айрым категориялары үчүн жана жалпы республика боюнча эмгек акынын жогорулашынын эсебинен жетишилген, бул акыркы төрт жылда ишкердик субъекттери үчүн 2024-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүлгөнүнө карабастан, болжол менен эки эсеге өстү.
Демографиялык жана экономикалык чакырыктарды эске алуу менен Социалдык фонд мындан ары да пенсия системасынын туруктуулугун чыңдоого багытталган параметрдик өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда. Орточо эмгек акынын өсүшүн жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен пенсияларды өз убагында жана адекваттуу индексациялоону камсыз кылуу, пенсияларды дайындоо жана төлөө процесстерин өркүндөтүү, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин катарына кирет. Бул чаралардын бардыгы пенсиялык системаны туруктуу өнүктүрүүгө жана улгайган жарандардын жана калктын алсыз категорияларынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
-Пенсиялык системаны жана тарифтик саясатты реформалоонун алкагында кандай негизги өзгөрүүлөр кабыл алынды жана алар жарандардын пенсиялык укуктарына кандай таасир этет?
-Карылар жарандардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга жана пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун сактоого жөндөмдүү, натыйжалуу жана таасирдүү социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо системасын түзүү, ошондой эле камсыздандыруу принциптерин күчөтүү максатында пенсиялык системаны реформалоонун кезектеги этабынын алкагында тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргызстандын 2024-жылдын 10-майындагы № 84 мыйзамы менен кабыл алынган
Атап айтканда, "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү толук көлөмдө дайындалат, багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу укугу 16 жаштан 18 жашка чейин көбөйтүлдү. Андан кийин мындай пенсияны 23 жашка чейинки күндүзгү окуу бөлүмүндө окугандар гана эмес, сырттан жана чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окугандар да алууга укуктуу.
Ошол эле учурда, камсыздандыруу стажына кошулуучу баланы багуу мөөнөтү алты жылдан тогуз жылга чейин узартылды, өз убагында талап кылынбаган пенсияларды алуу мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узартылды, райондук коэффициентти эске алуу менен белгиленген кошумча төлөмдөр сакталып калат. Мындан тышкары, курактык пенсияны дайындоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү жана азыр 1996-жылга чейинки эмгек акы жөнүндө маалымкат талап кылынбайт, эгерде жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин 1 жыл үчүн төгүмдөр болсо, анда автоматтык түрдө бул мезгилге чейинки стаж эркектер үчүн 16 жыл жана аялдар үчүн 11 жыл эсептелет ж.б.
-Сиз Кыргызстандын туруктуу пенсиялык системасынын "Келечек булагы" стратегиясын эскерип өттүңүз, анын алкагында негизинен иш-чаралар аткарылды. Пенсиялык системаны өнүктүрүү багытында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте эмнелер күтүлөт, реформалоонун кийинки этабынын алкагында пенсиялык камсыздоо кандайча өзгөрүшү мүмкүн экенин кененирээк айтып бере аласызбы?
-Пенсиялык камсыздандыруу системасынын коом үчүн социалдык мааниси учурда кеңири таанылган, аны экономикалык өнүгүүнүн өндүрүштүк фактору катары түшүнүү керек. Социалдык фонддун иш-аракеттеринин таасири пенсиялык системанын чегинен алыс. Ушуга байланыштуу, аны өркүндөтүүгө, финансылык туруктуулукту сактоого, пенсиялардын жетиштүү болушуна жетүүгө өзгөчө муктаждык пайда болууда.
Социалдык камсыздандыруу тарыхы дагы көрсөткөндөй, натыйжалуу экономика жана натыйжалуу пенсиялык камсыздоо системалары жанаша өнүгүшү керек, ал эми акыркысы биринчисине тоскоолдук кылбайт. Биз пенсиялык системабызды социалдык-экономикалык муктаждыктарыбызга жана шарттарыбызга ылайык өнүктүрөөрүбүз анык. Ошого карабастан, дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, республикабыз үчүн натыйжалуу жана таасирдүү социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системалары узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ачкычы болуп саналат.
Социалдык камсыздандыруу системасын динамикалуу өнүктүрүү, алдыга жылуу, жаңы көз караш жана өнүгүүнү колдоо зарыл. Бул каржылык туруктуулукту сактоо жана узак мөөнөттүү келечекте татыктуу карылыкты камсыз кылуу максатында комплекстүү, алдын ала келечектүү пенсиялык камсыздоо саясатын инновациялык колдонууга өбөлгө түзөт. Албетте, бул үчүн көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жана бизнестин да, жарандардын да социалдык жоопкерчилигин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган ылайыкташтырылган реформалар талап кылынат.
Буга байланыштуу, келечекте пенсияларды үзгүлтүксүз индексациялоо практикасы улантылаарын, ошондой эле жарандарыбыздын татыктуу карылыгын жана пенсиялык системанын узак жылдарга каржылык туруктуулугун камсыз кылуучу толук кандуу жана өзүн-өзү камсыз кылган тилектештик-топтоо системасынын негизинде өзгөртүүлөр болоорун белгилей кетүү маанилүү.
Ушуга байланыштуу жакынкы келечекте Социалдык фонд пенсиялык системаны 2040-жылга чейин реформалоого багытталган кийинки стратегиялык документти иштеп чыгууга киришет. Пенсиялык системаны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда биз кызыкдар тараптардын баарын, анын ичинде коомдун, мамлекеттик органдардын, парламент депутаттарынын жана бир катар илимий институттардын өкүлдөрүн камтыган кеңири жумушчу топ түзүүнү пландаштыруудабыз. Анткени, мындай маанилүү иш бардык тараптардын пикирин эске алууну, ошондой эле жаңылыктардын илимий негиздүүлүгүн болжолдойт.