Ташкент, 04.04.25. /Кабар/. Самаркандда өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа биримдигинин лидерлеринин тарыхындагы биринчи саммити эки аймактын стратегиялык өнөктөштүгүнүн деңгээлин ырастаган Самарканд декларациясын кабыл алуу менен аяктайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Анын айтымында, бул маанилүү документтин долбоору 3-апрель күнү кечинде макулдашылган. Декларация "конструктивдүү диалогду кеңейтүүгө күчтүү импульс" жана "бардык чөйрөлөрдө кызматташууну арттырат" деп күтүлүүдө. Саммиттеги талкуунун негизги темалары экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук байланышты өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү маселелери, экология жана гуманитардык кызматташуу болду.
Негизги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында делегация башчылары Самарканддагы климаттык форумдун пленардык жыйынына да катышат, анда негизги көңүл экологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүгө бурулат.
Саммиттин алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Европа кеңешинин төрагасы Антонио Коста жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен менен өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү жолдору, инновациялар, жашыл энергетика, кен казып алуу өнөр жайы, айыл чарба, транспорт, логистика жана санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле туризм, маданият, илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштүктүн маанилүү маселелери козголду.
Кошумчалай кетсек, Ташкентте Европа инвестициялык банкынын аймактык кеңсеси ачылып, быйыл Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлушу күтүлүүдө.
Аймактар ортосундагы соода жүгүртүү 6 миллиард евродон ашты (2020-жылдан бери эки эсеге көбөйдү), Өзбекстандан экспорт 4 эсеге өстү, өлкөдө 1000ден ашык биргелешкен ишканалар иштейт, европалык компаниялар менен инвестициялык долбоорлордун портфели 30 млрд евродон ашты.
Ошондой эле саммиттин алдында Шавкат Мирзиёев Самаркандга келген Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.