Ташкентте БА менен ЕБтин кызматташуусунун олуттуу маселелери талкууланды

Борбор Азия 1927 28 Март 2025 14:10
photo_28_1 (1).jpg
photo_28_2 (1).jpg
thumbs_b_c_b0c995a68a940892fe16f27fabaf648b.jpg
photo_28_1 (1).jpg
photo_28_2 (1).jpg
Алдыга
Артка
photo_28_1 (1).jpg
photo_28_2 (1).jpg
thumbs_b_c_b0c995a68a940892fe16f27fabaf648b.jpg
photo_28_1 (1).jpg
photo_28_2 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 28.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Каей Каллас баштаган делегацияны кабыл алды, деп билдирди өкмөт башчынын басма сөз кызматы.

Жолугушууда амалдагы кызматташтыкты кеңейтүү жана алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелери талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-апрелинде Самарканд шаарында "Борбор Азия – Европа Биримдиги" биринчи саммитинин иш-чараларын өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте Ашхабадда өткөн көп тараптуу министрлер жолугушуусунун жемиштүү жыйынтыктары жогору бааланды.

Соода жана логистика, анын ичинде Транскаспий транспорт коридорунун потенциалын ачуу, санариптештирүү, жашыл энергетика, экология, инфраструктураны модернизациялоо жана башка тармактарда демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдерин киргизүү менен эки аймактын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ошондой эле Өзбекстан менен ЕБ институттарынын ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча жаңы келишимди кабыл алуу жана Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселелери да талкууланды.