БА өлкөлөрү Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн сактоону макулдашты

Экономика Загрузка... 25 Апрель 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика тармагына жооптуу министрлектеринин жана ведомстволорунун кезектеги жумушчу жыйыны өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика министрлери катышты.

Жыйындын негизги максаты алдыдагы вегетация мезгилинде аймактагы суу-энергетикалык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу болду.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн төмөндөтпөө максатында биргелешкен координацияланган иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Тараптар бул кадам аймактык энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуунун негизги фактору экенин баса белгилешти.

Мындан тышкары, жыйында өткөн күз-кыш мезгилинин жыйынтыктары каралып, энергетикалык жүктөмдөрдү тең салмактоо жана системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча конкреттүү чаралар талкууланды.

Тараптар аймактык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча орток түшүнүккө келишип, кийинки жолугушууларды май айында Ташкентте, июнь айында Бишкекте өткөрүүгө макулдашты.