“Асман Эйрлайнс" Бишкек – Ош каттамындагы окуя боюнча түшүндүрмө берди

Бизнес Загрузка... 17 Апрель 2026 15:35
IMG_9032.JPG.jpeg

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. “Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы күн мурун, 16-апрелде Бишкек – Ош багыты боюнча MN-15 каттамындагы учакта кошумча үйлөө системасы иштеп кеткен кырдаалга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Маалымдалгандай, учуу учурунда, экипаж салондогу коопсуз басымды кармап турууга жооп берген системанын белгисин каттаган. Белгиленген жол-жоболорго жана De Havilland Canada аба кемесин өндүрүүчүнүн сунуштарына ылайык, экипаж дароо зарыл чараларды көрүп, бийиктикти пландуу төмөндөтө баштаган.

Учкучтар жана борт коштоочулар регламенттин алкагында ыкчам жана так аракет кылып, учуунун бардык баскычтарында кырдаалды контролдоону камсыз кылышкан. Авиакомпаниянын жол-жоболоруна ылайык жүргүнчүлөргө кычкылтек жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашкан. Кычкылтек менен камсыздоо системасы штаттык режимде иштеген: баллондор жарактуу абалда болуп, индикаторлор стандарттык иш режимин көрсөтүп турган. Ошондой эле бортто зарыл болгон дары кутусу жана биринчи медициналык жардам каражаттары толук көлөмдө болгон.

Аба кемеси аман-эсен кондурулуп, каттамдын жыйынтыгы боюнча жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү үчүн терс кесепеттер катталган эмес.

Техникалык тейлөөнүн стандарттык жол-жоболоруна ылайык, кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү жана зарыл болгон калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн аба кемеси убактылуу эксплуатациядан чыгарылды.

​Азыркы учурда кошумча үйлөө системасынын иштеп кетүү себептери боюнча текшерүү жана техникалык текшерүү жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы бул кырдаалга байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктар жана тынчсыздануулар үчүн жүргүнчүлөрдөн чын дилден кечирим сурайт.

"Биз мындай окуялардын кооптуу экенин түшүнөбүз жана жүргүнчүлөрүбүздүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн жоопкерчиликтүү иш алып барабыз. Компания бул окуяны кылдаттык менен текшерет жана мындан аркы окуяларга жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрөт. Учуунун коопсуздугу биздин эң башкы артыкчылыгыбыз бойдон калат", - деп айтылат маалыматта.