Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттамды ийгиликтүү ишке киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында ишке ашты.
Каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу – 3 300 чакырымды түзөт.
Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынынын жүрүшүндө Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Альтамаш Вазир Хан бул жетишкендикти өзгөчө белгиледи.
"Өткөн жумада Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетип барды. Эки өлкөнүн министрликтери каттамдын бардык баскычтарында айдоочулар менен тыгыз байланышта болуп, жүктүн тоскоолдуксуз жана ыкчам жетүүсүн камсыздашты", — деди элчи.

Маанилүү окуя эки өлкөнүн ортосундагы достуктун, өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн дагы бир айкын далили болду.