Азыр көрүүчүнүн талабы башка – Талас театрынын көркөм жетекчиси

Маек Загрузка... 19 Ноябрь 2025 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Театр — бул адамдын жан дүйнөсүн, сезимин жана турмуштук ойлорун сахна аркылуу көрүүчүгө жеткирген өзгөчө искусство. Ал коомдун абалын чагылдырып, адамдарды ойлонууга, сезүүгө жана өзгөрүүгө жетелеген маданий мейкиндик.

Бүгүнкү каарманыбыз — театр актеру Тумар Олжобаев бала кезинде теле алып баруучу болууну кыялданчу. Бирок тагдыр аны башка жолго салып, театр дүйнөсүнө алып келген. Ат-Башыда төрөлүп-өскөн ал 18 жыл мурун Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына келип, бул аралыкта бир катар ролдорду жаратып, бүгүнкү күндө театрдын көркөм жетекчиси катары эмгектенип келет.

Театрды кантип жана кандай жолдор менен тандап калдыңыз эле? Канча жылдан бери эмгектенесиз?

Өзүм башында теле алып баруучу болууну самачумун. Бирок Кудайдын буйругу, тааныштарымдын кеңеши менен Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайга тапшырып калдым. Окуунун алгачкы күндөрүнөн тарта эле “Таласка жаңы театр ачылат, силер ошол жакка барасыңар” деп даярдап окутушту. Ошентип, 2007-жылы биздин курс жана Б.Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин бүтүрүүчүлөрү Талас облусуна келип, иштеп калдык. Андан бери 18 жыл өттү. Мени театрга кызыктырган дагы бир нерсе — окуу жайда белгилүү актерлордон сабак алуу жана кээде алар менен бир сахнада ойноо мүмкүнчүлүгү болду.

Негизи эле сиз үчүн театр деген эмне?

Театрдын өзүнүн тили менен айтканда ал жан дүйнөнүн күзгүсү. Андыктан, театрда чыгармалар кайда баратабыз, кайсы жолду тандасак болот деген суроолорго жооп таабууга багытталып, кайсы гана адам болбосун биздин оюндардан туура бир жолду таап кете алса деген ниетти көздөйбүз.

Сиз көбүнчө кандай образдарды жаратып келесиз?

Бул жылдар арасында көп эле ролдорду жараттым. Театрдын ачылышы менен алгачкылардын болуп коюлган “Арыба, Ак-Кеме” спектаклинде Момун чалды ойнодум. Жаштайыман улуу муундагы адамдардын образын жаратып жүрдүм. Кийинчерээк тажик драматургу Т. Мухамадризонун “Периштенин махабаты” деген драмасында Имрон деген каарманды, “Күйөө сатамда” Жолойду (Ж.Өзүбекова), “Жамиляда” Даниярды (Ч.Айтматов), “Эрте келген турналарда” Тыналиевди (Ч.Айтматов) ойнодум.

Акыркы жылдары театрда жүрүп жаткан чыгармачылык тенденцияларды кандай баалайсыз? Эмне өзгөрдү, эмнеге көңүл бурулушу керек?

Азыркы учурда кайсы тармакта болбосун өзгөрүүлөр болууда. Мурунку нерселер менен элди таң калдыруу кыйын болуп калды. Азыр элге жаңы эффекттер, жарыктандыруунун жана музыканын коштоосу менен жаңыча коюлган спектаклдер өтүмдүү болууда. Биз да көрүүчүлөрдүн ушул талабын эске алуу менен Улуу ата мекендик согуштун 80 жылдыгына карата “Чолпонбай” спектаклин коюп жатабыз. Биз мында Чолпонбайды кандай улут, кандай эл жана кандай ата-эне тарбиялаган деген суроого жооп берүүгө басым жасап жатабыз.

Азыркы учурда жаш актерлор үчүн негизги кыйынчылыктар эмнелер болуп жатат?

Биздин театрдагы жаштар үчүн биринчи орунда айлык маселеси турат. Алар кесибин сүйгөндүктөн иштеп жүрүшөт. Анын үстүнө, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү бай келет эмеспи. Бул кыйынчылыктарга карабастан биздин жаштар үмүт менен эмгектенишип, жаңы коюлган спектаклдер менен башка өлкөлөргө гастролдорго чыгып келели деген пландарды коюп жатышат.

Негизи биздин театрда актерлор жетишсиз. Ансамблди кошкондо 33 штат бар. Чыгармачылык курам 50 адамдан турушу керек эле. Айлык маяна көтөрүлсө, актерлор турак жай менен камсыздалса жаш актерлор келет беле деп ойлойм.

Талас театрында кандай жаңылыктар бар? Көрүүчүлөрү көбөйдүбү?

Театр жаңы түптөлгөндө көрүүчүлөрүбүз аз эле. Кийинки учурларда качан, кайсы спектаклдерди койгон жатасыңар деп кызыккан көрүүчүлөбүз көбөйдү. Актуалдуулугун жоготпогон мурунку чыгармаларды замандын талабына ылайык чыгарып, тартуулаганга аракет кылып жатабыз. Улам кийинкиси жакшы чыгып жатат деп жаш көрүүчүлөрүбүз кызыгып калышат.