Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Гурбанов менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда тараптардын буга чейин жетишилген макулдашууларын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын алтынчы отурумунун чечимдерин иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө умтуларын ырасташты жана ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашты.