Азиз балдар үчүн мектеп-интернаттарга 20 Брайл машинкасы берилди

Министрлер кабинети 22 Январь 2026 16:00
6971e1f305ea0.jpg
6971e2013f05d.jpg
6971e1fca16a6.jpg
6971e1f6db5a8.jpg
Алдыга
Артка
6971e1f305ea0.jpg
6971e2013f05d.jpg
6971e1fca16a6.jpg
6971e1f6db5a8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жайгашкан Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайл системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды.

Белгилей кетсек, минкаб төрагасы өткөн жылдын сентябрь айында бул мектеп-интернатка барган учурда Брайл системасы боюнча окутууну уюштуруу үчүн машинкага муктаждыгы айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын Резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 20 даана машинка сатып алынган. Анын ичинен 10 машинка Бишкек шаарындагы бул мектеп-интернатына, ал эми калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына берилет.

Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайл арибинде жазууну системалуу, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын, концентрациясын өнүктүрөт, мугалимдердин окуу процессин уюштурууга көмөктөшөт жана билим сапатын жогорулатат, түзөтүү, тарбиялоо жана коомдук иштерди бирдиктүү педагогикалык система катары ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.