Азия чемпионаты (U-15). Кыргыз балбандары дагы 5 медаль багындырды

Спорт 08 Июль 2025 15:25
516517531_751002463939640_1363543573563045466_n.jpg
516740258_751002613939625_6584075409931209648_n (1).jpg
518278147_751002747272945_3694820457377888273_n.jpg
518366089_751003197272900_2126690057312413681_n.jpg
516748057_751003100606243_5696555119212294503_n.jpg
516918685_751002990606254_569541776951353029_n.jpg
516740258_751002613939625_6584075409931209648_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Күн мурун, 7-июлда 15 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатынын үчүнчү күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 5 медаль - 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло жеңип алды.

Алтын медаль ээси:

48 кг салмакта Марсел Ооганов.

Күмүш медаль ээлери:

  • 38 кг салмакта – Умар Баатырбеков;
  • 44 кг салмакта – Адилет Муканбетов.

Коло медаль ээлери:

  • 57 кг салмакта – Билал Дөлөталиев;
  • 62 кг салмакта – Абреил Аманов.

Белгилей кетсек, өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстандын борбор калаасындагы «Бишкек Арена» спорттук комплексинде өтүп жатат.