Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызcтандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозбек Токтомамбетов Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.
Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалдык беттеште Кореянын балбанын 10:0 эсебинде утуп жарым финалга чыкты.
1/2 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык спортчу Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулуп, Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.