Азия чемпионаты: Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова коло медаль жеңди

Спорт 1703 11 Апрель 2026 14:43
2705132.9cf6f08d5f9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-04-11 at 14.42.52.jpeg
Алдыга
Артка
2705132.9cf6f08d5f9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-04-11 at 14.42.52.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында балбандар Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло медалга татышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, балбан Нурзат Нуртаева 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген.

Жарым финалдык баскычта кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде утулуп калган. Коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Эрдене Очирди 2:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми спортчу Гүлнур Таштанбекова 65 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калган. Кийинки жубатуучу беттеште иорданиялык балбанды 10:0 ири эсебинде жеңген. Коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.