Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Спорт 8 апрель 2026 13:04
Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Мээрим Жуманазарова жарым финалга жолдомо алды.

68 кг салмак ченинде күч сынашып жаткан кыргызстандык спортчу Вьетнамдын балбанын 11:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.

Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмактарда медалдар ойнотулууда.