Азия чемпионаты. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курамасы 3 медаль утту

Спорт Загрузка... 17 Февраль 2025 12:24
479569040_18346485922196946_8872781403495267057_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 1 алтын, 2 күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында өттү.

Алсак, 69 кг чейинки салмакта Рамазан Тянгубер алтын медалга татып, Азия чемпиону аталды. Ал эми Янар Сарыбаев (+85 кг) жана Абдусалим Розобаев (52 кг) күмүш медалга ээ болушту.