Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев менен Абдымалик Карачов жарым финалга чыгышты

Спорт Загрузка... 10 Апрель 2026 15:26
IMG_1257.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 10-апрелде эркин күрөш боюнча мелдешке чыккан кыргыз спортчуларынан Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) жана Абдымалик Карачов (57 кг чейин) жарым финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эрназар Акматалиев алгачкы беттеште япон балбаны Таичи Нарукин менен беттешип, 12:9 эсебинде жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда Индиянын өкүлү Абхиманью менен килемге чыгат.

Абдымалик Карачов чейрек финалда тажикстандык балбан Айаал Белолюбскийди 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлү Мунх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат.

Жарым финалдык беттештер 10-апрелде 16:45те башталат.