Азия чемпионаты: Эки балбан жарым финалга чыкты

Спорт Загрузка... 11 Апрель 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-04-11 at 13.57.24.jpeg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештерде кыргызстандык балбандар Орозбек Токтомамбетов (74кг чейин) менен Яков Чаплин (92 кг чейин) жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу Орозбек Токтомамбетов беттешти чейрек финалдык баскычта Индиянын өкүлү Жайдипди 2:0 эсебинде жеңди. Эми жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат.

Балбан Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракети үчүн жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шарипов менен кез келет.

Жарым финалдык беттештер 16:45те башталат.