Көркөм гимнастика: Азия чемпионатын жеңгендер дүйнөлүк мелдешке жолдомо алат

Спорт Загрузка... 22 Май 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-05-22 at 09.32.19.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26 /Кабар/. Көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты - дүйнөлүк жана Азия оюндарына жол ачкан маанилүү мелдеш. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн Азиялык гимнастика союзунун техникалык комитетинин президенти Гёзаль Муминова билдирди.

Анын айтымында, Азия чемпионаты – бул өтө маанилүү жана ири, олуттуу иш-чара.

“Себеби, ал дүйнөлүк чемпионатка тандоонун квалификациясы болуп саналат. Ошондой эле быйылкы жылдын сентябрь-октябрь айларында Японияда өтө турган Азия оюндарына тандоо болуп эсептелет.
Андыктан, бул мелдешке Азиянын жана дүйнөнүн өтө күчтүү спортчулары келди. Кыргызстан үчүн дагы бул аталган спорттун түрүн өнүктүрүүгө чоң кадам болот. Себеби, ар бир мындай чоң мелдештерден кийин гимнастикага катышууну каалагандардын саны көбөйөт. Баары чемпион болбосо дагы гимнастика кыздар жана аялдардын саламаттыгы үчүн абдан пайдалуу экендиги маалым. Ал эми анын аркасы менен дени сак муун жетилет”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле Кыргызстандагы көркөм гимнастика федерациясынын президенти Евгения Быковская иш-чара федерация үчүн чоң жана маанилүү жоопкерчилик экендигин белгиледи.

“Мамлекет тарабынан, анын ичинде Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолордун аркасы менен биздин гимнасттардын даярдыгы жакшы. Кыздар азыр жакшы формада турушат. Биз алардын алдыдагы жеңишине бекем ишенип жатабыз”,-деди Быковская.

Белгилей кетсек, 23-26-май күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаштык" аренасында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтөт. Ага 19 өлкөдөн 200гө жакын гимнаст катышат. Мелдеш 21-жолу юниорлор арасында жана 17-жолу сениорлор арасында уюштурулуп, ага Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн мыкты спортчулар катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттер бар.