Азия чемпионаты: Бүгүн килемге кыз-келиндер күрөшү боюнча 5 спортчу чыгат

Спорт Загрузка... 09 Апрель 2026 09:06
WhatsApp_Image_2025_bDyxUUs.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн, 9-апрелде мелдештин төртүнчү күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын балбандары:

  • 53 кг — Азиза Келдибекова;
  • 57 кг — Таңчолпон Кыбалбекова;
  • 62 кг — Дилназ Сазанова;
  • 65 кг — Гулнура Таштанбекова;
  • 72 кг — Нурзат Нуртаева.

Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат. Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн беттештерин өткөрүшөт.