Азия чемпионаты: Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер өтөт

Спорт Загрузка... 10 Апрель 2026 09:20
WhatsApp_Image_2025_INzh3m6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын бешинчи күнүндө килемге эркин күрөш боюнча балбандар чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда балбандар 57, 65, 70, 79 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында байге үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын спортчулары:

57 кг чейин — Абдымалик Карачов;
65 кг чейин — Рустамжан Кахаров;
70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;
79 кг чейин — Жакшылык Байташов;
97 кг чейин — Каныбек Абдулхаиров.

Алдын ала беттештер саат 11:00дө башталат.