Азия чемпионаты: Балбан Афтандил Таалайбеков финалга чыкты

Спорт Жүктөлүүдө... 06 Апрель 2026 19:02
мммм.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Афтандил Таалайбек уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Япониянын өкүлүн, жарым финалда Түркмөнстандын балбанын 10:0 ири эсебинде жеңди.

Афтандил Таалайбек уулу 7-апрелде алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдагы атаандашы кийинчерээк аныкталат.