Азия чемпионаты: балбан Абдымалик Карачов коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 11 Апрель 2026 19:11
WhatsApp Image 2026-04-11 at 19.17.28.jpeg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 11-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште Абдымалик Карачов (57кг чейин) коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык балбан чейрек финалда тажикстандык балбан Айаал Белолюбскийди 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлү Мунх Эрдене Батхуягга 1:4 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген.

Коло медаль үчүн беттеште кореялык атаандашы Сангвон Ким беттешке чыкпай калгандыгына байланыштуу, жеңиш автоматтык түрдө Абдымалик Карачовго ыйгарылды.