Азербайжандын Агдам районунда "Айкөл Манас" мектеби ачылды

Президент 1628 03 Июль 2025 21:40
515206078_1273496648118300_5187165323961463951_n (1).jpg
515306762_1273496631451635_1777741330087751754_n.jpg
515016713_1273496154785016_7157975011556443347_n.jpg
515496205_1273496901451608_6952639275732859391_n.jpg
514767128_1273496148118350_4352151284486168712_n.jpg
516397923_1273496258118339_8184267576451421103_n.jpg
515056559_1273496354784996_3186762464049896570_n.jpg
515038731_1273496554784976_7371086853908984619_n.jpg
514935135_1273496831451615_7236127952479135125_n.jpg
514965084_1273496428118322_4003138227438204144_n.jpg
515315607_1273496491451649_5851766159641907159_n.jpg
515497782_1273496711451627_4506840770688175360_n.jpg
515171981_1273496274785004_7818326401535956153_n.jpg
515167555_1273496184785013_1291252160358792561_n.jpg
515055420_1273496194785012_8898122523255779265_n.jpg
515015935_1273496801451618_6912181106737185643_n.jpg
515266011_1273496568118308_1405778291174514132_n.jpg
515270916_1273496954784936_8598077811500252542_n.jpg
515206078_1273496648118300_5187165323961463951_n.jpg
514848516_1273496778118287_750457228299746048_n.jpg
514664022_1273496744784957_3668332584508655969_n.jpg
515295042_1273496441451654_4205104816980490359_n.jpg
515899960_1273496698118295_358357760824813838_n.jpg
514908689_1273496368118328_5420406065098665607_n.jpg
515074838_1273496938118271_4795693055718480268_n.jpg
515194590_1273496498118315_1182056169949824207_n.jpg
515097032_1273496068118358_2067788687008478178_n.jpg
514982190_1273496861451612_4596270994631303751_n.jpg
515409746_1273496071451691_7402619854732187878_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 3-июлда Агдам районунун Хыдырлы айылында "Айкөл Манас" орто мектебинин ачылыш аземине катышты.

Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, объект пайдаланууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган.

Заманбап имарат үч окуу блогун, спорттук жана жыйын залдарын, ашкана, китепкана, физика, химия жана биология лабораторияларын, эки компьютердик классты, ошондой эле бардык керектүү окуу жана административдик жайларды камтыйт. Тийиштүү аймакта футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу аймактары жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктура салынган.

Иш-чаранын алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн эки миң адам үчүн курулган үйлөрдү көрүп чыгышты жана жаңы жашоочуларга ачкычтарды жеке өздөрү тапшырышты.

Президент Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Карабахты калыбына келтирүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мектепти куруу демилгеси жеке Садыр Жапаровго таандык болгонун, эми бул окуу жай эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандыктын бекем символуна айланганын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров “Айкөл Манас” атындагы мектептин ачылышы тарыхый мааниге ээ окуя экенин белгиледи. Бул руханий байланыштарды бекемдеп, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан дагы тереңдетет.

Мамлекет башчысы Агдам районундагы “Айкөл Манас” мектеби жана Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектеп эки боордош элдин ортосундагы достуктун, өз ара сый-урматтын символу жана ынтымактын көпүрөсү экенин ырастады.

Соңунда Хыдырлынын тургундары президентке жана Кыргызстан элине тилектештиги, боордоштук колдоосу жана алардын келечегинин маанилүү бөлүгү боло турган мектепти куруудагы баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.