Кыргыз айымдары илгертеден колунан көөрү төгүлгөн уздугу менен даңазаланып келген. Көчмөн турмуш кечирген элибизде боз үйдөн тартып ат жабдыктары, кийим-кечеден тартып күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарга чейин энелердин чебер колунан жаралган. Ар бир оюу, түшүрүлгөн саймада, ар бир өрмөктө – улуттун уңгусун сактаган баа жеткис мурас катылган. Чаткал районунун Сумсар айылынын тургуну Айкан Алымова да улуу муундан калган бул өнөрдү улантып, таар токуп, тери ашатып, кийиз жасап, төшөк курап, кийим-кеченин бардык түрлөрүн тигип, уздук чеберчиликтин көркүн чыгарып келет. Ал алдыда “Кабар” агенттигине маек куруп, кол өнөрчүлүгү тууралуу айтып берет.

Бул өнөр мага чоң энем менен апамдан калган. Бала кезде Ташкенттин жайлоосунда жашадык. Кол өнөрчүлүктү алгач чоң апамдан көрүп жүрдүм. Калганын кийин апамдан үйрөндүм. Бул тубаса талант болду. 5-классымда кийиз чийип, 8-класста кийимдерди тигип баштадым. Ал кезде азыркыдай эмес, кийим-кечеде тартыштык бар эле. Ошондуктан, өзүмө өзүм кийим тигип алчумун. Апам жасаган буюмдарды карап отуруп, кошо кармалашып жүрүп өздөштүрүп кеттим. Ошентип, бул өнөрүм кийин да уланды.

Учурда буйрутма менен таар, килем токуп, төшөк курап, кийиз, ала кийиз, оймо кийиз, ичик, тон, чапан, белдемчи сыяктуу кийим-кечелерди жасайм. Жасаган эмгектерим жүндү сабоо, жип ийрүү, тери ашатуудан башталып, башкача айтканда нөлдөн баштап өз колуман жаралат. Айылдаш, тууган-тааныштар буйрутма берип кийим тиктиришет. Кичүү уулум эмгектеримди элге чыгаруунун аракетин көрүп, өзгөчө стилдеги кийимдерди тиктиртип коомчулукка сунуштап жүрөт.

Былтыркы Эгемендүүлүк күнүндө айыл ичиндеги көргөзмөгө катышууга сунуш түшүп калды. Сунушту кабыл алып, өз эмгектеримди алып чыктым. Көргөзмөгө келгендердин купулуна толуп, эң башкы сыйлык — гран-прини жеңип алдым. Бул мен үчүн абдан күтүүсүз чоң кубаныч болду.

Турмушка чыгып кеткениме байланыштуу жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Бирок Кудайга шүгүр, менин ошол кыялымды балдарым ишке ашырып, баары жогорку билимдүү болушту. Азыр ар бири өз жолун таап, иштеп, өз турмушун куруп жатышат.
Жолдошум да өнөрлүү адам. Ал устачылык менен алектенип, темирден ар кандай буюмдарды жасап, тегирмен салып, чатыр орнотуп, комуз чаап, бешик жасайт. Экөөбүз дал ушул кол өнөрчүлүктүн аркасында үй-бүлөбүздү багып, тиричилигибизди өткөрүп келебиз.

Аялзаты бардык жагынан үлгүлүү болуп, артында жакшы из калтырууну самайт эмеспи. Мен да ушул эмгектерим аркылуу жакындарыма, балдарыма, айылыма кичине болсо да өз салымымды калтырып кетсем дейм.
“Ачка болсоң — ток болосуң, бай болсоң да — бир күнү жок болосуң” дегендей, адамдын артында калчу чыныгы мурас — анын эмгеги менен жасаган иштери экен. Ошондуктан, бул кол эмгектеримди мындан ары да көбөйтүп, келечекте чакан өнөркана ачсам деген тилегим бар. Баарын өзүң менен ала кетүү мүмкүн эмес, бирок кыз-келиндерим балким бул өнөрдү улап кетээр деген үмүт менен жашайм.