Аялдарды санариптик колдоо программасы кыргыз тилинде жеткиликтүү болот

Санарип Кыргызстан Загрузка... 28 Октябрь 2025 14:00
5.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда аял-ишкерлердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган "Аялдарды санариптик трансформациялоодо колдоо" аттуу эл аралык долбоор башталды. Программа Кыргызстандагы Women in Tech (WMNTECH) уюму тарабынан БУУга караштуу Азия-Тынч океан окуу борбору менен биргеликте Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, "Биздин айымдар" коомдук фондунун жана Wildberries компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Women in Tech уюмунун өлкө боюнча директору Алия Чыныбаеванын айтымында, Кыргызстан дүйнөнүн 65 өлкөсүн бириктирген Women in Tech глобалдык демилгесинин бир бөлүгү болду.

"Бүгүн биз БУУнун чоң эл аралык долбоорунун биринчи этабын баштап жатабыз, анын максаты – аялдардын санариптик компетенцияларын чыңдоо жана аларды санариптик экономикага интеграциялоо", — деди ал программанын ачылыш аземинде.

Долбоордун биринчи этабы машыктыруучулар үчүн алты тематикалык модулду камтыган үч күндүк тренинг менен башталды. Курстар санариптик көндүмдөр, электрондук коммерция, маалыматтарды талдоо, киберкоопсуздук, ошондой эле жасалма интеллекттин негиздери жана аны бизнесте колдонуу темаларын камтыйт. Сабактарды программаны ишке ашыруу үчүн атайын Бишкекке келген БУУнун Азия-Тынч океан окуу борборунун эксперттери өтүүдө.

Долбоордун биринчи бөлүгүнө, өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык арыз келип түшүп, алардын ичинен 40 аял-ишкер тандалып алынган. Тандоонун критерийлери боюнча, өз бизнесинин болушу же аны баштоону каалоосу, ошондой эле англис тилин билүүсү зарыл. Анткени окутуу негизинен англис тилинде өтүп жатат.

"Биздин максат — санариптик билимди Кыргызстандын бардык аялдары үчүн жеткиликтүү кылуу. Биз ар бир ишкер айым өз ишин өнүктүрүү үчүн электрондук коммерциянын, санариптик маркетингдин жана жасалма интеллекттин куралдарын натыйжалуу колдоно алышын каалайбыз", — деп баса белгиледи Чыныбаева.

Анын айтымында, программа кыргыз тилине ылайыкташтырылып, өлкөнүн бардык аймактарына киргизилет, бул камтууну кеңейтүүгө жана аялдардын санариптик экономикага катышуусун жогорулатууга мүмкүндүк берет.