Аялдар зордук-зомбулуктун курмандыгы болбоо үчүн кандай аракеттерди көрүүсү керек?

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө коомчулукту аялдардын зомбулукка учурап, киши колдуу болуп жатышы тынчсыздандырууда. Бул көйгөйгө кайдыгер карабаган жарандар өлүм учурларынын катталышы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жылдап кайталанганынын жыйынтыгы дешсе, ошол эле маалда уруп-сабаган көрүнүштүн ачыкка чыкпаганы, аял киши жакындарына же укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылбаганынын кесепети экени айтылууда.

Күн мурун эле Бишкекте 47 жаштагы аял мурдагы күйөөсүнүн колунан көз жумду. Маркумду шектүү атып өлтүргөн. Свердлов райондук милициясы учурда тергөө жүрүп жатканын, бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев маалымдагандай, жубайлар 10 жылдан бери бирге жашап келген.

1704612548_azamat-toktonaliev768olod

"Маркумдун жакындары быйыл жубайлар Балыкчыга конокко барганда кызганычтан алардын ортосунда чыр-чатак болгонун айтышкан. Азыркы учурда шектүү менен маркумдун ортосундагы ажырашуу арызы сотто каралып, соттук отурумдар болуп жаткан. Шектүү 2019-жылга чейин милиция кызматында иштеп пенсияга чыккан. Расмий уруксаты бар травматикалык тапанчасы болгон. Азыр муну карап чыгуу үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат", - деди Азамат Токтоналиев.

Милициянын маалыматына таянсак, маркум Кыргыз экономикалык университетинде мугалим болуп иштечү. Маркумдун ошол күнү туулган күнү болгондуктан, экөө торт көтөрүп батирге кирип бараткан видео тасма жарыяланды. Алар соттон кийин бир пикирге келели деп жолукканы белгилүү болду. Эң улуу баласын окуя болордун алдында таенесиникине калган балдарын алып келүүгө жиберишкен.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Ош облусунда 38 жаштагы беш баланын энеси Айзирек Эралиеванын өлүмү катталган. Ал октон алган жаракатынан улам каза тапкан. Кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалган.

“Адам өлтүрүү” беренеси боюнча статистиканы карап көрсөк, Кыргызстанда көз жумган аялдардын саны жан кейитет:

  • 2021-жылы – 36 аял
  • 2022-жылы – 41 аял
  • 2023-жылы – 21 аял
  • 2024-жылы – 34 аял
  • 2025-жылдын 8 айында – 21 аял

Мындай үрөй учурган сандар аялдардын коопсуздугуна көңүл буруу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу зарылдыгын дагы бир ирет айгинелеп турат.

Психолог, Бишкек мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун кызматкери Гүлзат Исабекова “Кабар” агенттигине билдиргендей, үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук учурларынын көбөйүшүнүн башкы себептеринин бири бала кезинде зомбулук көрүп чоңойгон адам менен байланыштырса болот. Ошондой эле айрым жубайлар бири-бирине нааразы болгондо, эмоцияны билдирбей, сөз аркылуу сүйлөшүү жүргүзө албайт. Бирок негедир ошол кишилер жумушунда, туугандары, чоочун адамдар менен пикир келишпестик жаралса, ачуусун башкара билет. Ал эми аялына келгенде эле ачуусун кармай албай калат, анан кол көтөрөт.

WhatsApp_Image_2025-08-27_at_19.16.19.width-800
“Бул демек, "алым жетет, ошондон ачуумду чыгарам" дегендик. Агрессия деген бул адамдын өзүнө ишенбестиги, оюн сөз менен жеткире албагандыгы деп түшүнүү керек. Ал биринчи жолу кол көтөрүүгө кабылса, унчукпай калбаш керек. Аялдар үчүн мындай учурда бирөөгө айтуу, биринчи кадам таштоо, милицияга баруу кыйын, коркуу сезимдери болот, ар кандай ойлор келет, коом кандай реакция кылат деп коркушат. Жолдошунан кетип калса, коркутат, куугунтуктайт деп ойлошот. Ошондуктан аялды жакындары кандай гана учур болбосун колдоо зарыл, ошондо гана аялда ишеним пайда болот. Анан эркек киши кол көтөрсө, аялда эч нерсе болбойт, камчылап туруш керек деген түшүнүктөр калып калса, анын чыдап жүргөнүн ушу менен байланыштырсак да болот”, - деди психолог.

Бүгүнкү күндө үй-бүлө эки ажырым жолго түшсө дагы, мурунку күйөөсү келип, аялына зомбулук көрсөтүп, жадакалса өлтүргөнгө чейин барган учурлар катталууда. Гүлзат Исабекованын пикиринде, эркек иши аялы менен ажырашуу сунушун киргизсе, аялы аны аңдып, куугунтуктабайт. Эгерде ажырашуу чечиминн биринчи аялы сунуштаса, ошондо күйөөсү “намысыма тийди, мени таштап кетти” деп кур намыска, агрессияга алдырып, же мени менен же эч ким менен жашабайт деп ойлошот. Бул ошол адамда кандайдыр бир психикалык бузулуусу бар дегенге жатат. Нормалдуу ой жүгүрткөн күйөө “балким менден да, андан да кетти, бирок мамилебиз болбой калды” деген чечим кабыл алат. Мага канча аялдар кайрылганда көп угам “мурунку күйөөсү жашатпайм, өлтүрүп кетем, артыңан калбайм” деп айтышат экен. Мен аларга милицияга кайрылуу керектигин сунуштайм”, - дейт психолог.

66224d60d5109878230148 (1)

Адистин пикиринде, коомдо зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мектептерде, жогорку окуу жайларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында, айрыкча мечиттерде көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

“Мен студенттерге лекция окуганда, 16-18 жаштагылар кыздар зордук-зомбулукка кабылса, дароо укук коргоо органдарына жана жакындарына айтуусу керек дешет. Жаштар ушундай ой жүгүртүп жатканы жакшы көрүнүш. Жубайлар ортосунда кандайдыр бир маселе жаралса, сөз менен оюн билдирүүгө үйрөнүү керек. Эркек балдарды дагы уруп-сокпой эмоция менен иштегенди үйрөнүү кажет. Балаңыз, кызыңыз кантип чоңоет деп түшүндүрүү менен балдар аркылуу аталарга таасир бере алабыз. Үй-бүлөдө зомбулукту токтотушубуз маанилүү. Буга коом жалпылап аракет жасашыбыз керек”, - деп белгиледи Гүлзат Исабекова.