Австралияда селден улам төрт киши каза тапты

Дүйнө 23 май 2025 17:17
Австралияда селден улам төрт киши каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Австралияда селден улам кеминде төрт киши каза тапты.

Интерфакс маалымдагандай, Австралиянын чыгышында үч күн бою тынымсыз жамгыр жаады.

Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Хантер жана Мид-Норт-Коуст райондору өзгөчө жабыркап, дарыядагы суу ташкындады. 50 миңдей жашоочу суу каптаган аймактардан өтө албай калды.

Темир жолду да суу каптап, аэропортко бара турган каттамдардын иши үзгүлтүккө учурады.

Сиднейдин 80 пайызын суу менен камсыздаган объекттиге плотина аркылуу суу куюлушу мүмкүн экени айтылууда.

Метеорологдордун маалыматы боюнча, кээ бир райондордо суунун деңгээли рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Адистер Австралия 2010-жылдын аягындагы кургакчылык жана өрттөрдөн кийин 2021-жылдан тартып, суу ташкындарын башынан өткөрүп жатканын белгилешти.