Аткаминерлерден кагаз бетиндеги отчеттор эмес, реалдуу натыйжа керек

Саясат Загрузка... 21 Февраль 2025 17:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. "Ынтымак-Ордодо" өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумда 2024-жылдын жыйынтыктары каралып, мурда болуп көрбөгөндөй, бир катар катаал чечимдер кабыл алынды. Көптөгөн аткаминерлер кызмат ордунан бошотулуп, катуу сөгүштөр жарыяланды.

Негизинен коллегиянын күн тартибинде төрт маселе каралган:

- Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, чет өлкөлүк командировкалардын натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын ишин пландаштыруу маселелери;

- Билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер;

- 2024-жылдагы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдеринин жана шаар мэрлеринин ишинин жыйынтыктары;

- Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү.

Алсак, биринчи маселе боюнча аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага чыкканы жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн кызмат адамдарына тартиптик жазалар колдонулуп, айрымдары кызмат ордунан бошотулду.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын узак жана натыйжасыз иш сапарлары тууралуу маалыматтын фонунда эскертүү берилди. Эске сала кетсек, 2024-жылы министр 10 иш сапарга чыгып, 32 жумушчу күндү талап кылган. Алардын көбү негизсиз узун болгон. Мындан мурда Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын критикасына кабылган. Анын айтымында, министр өзүнүн идеясы жок эле өлкөнүн билим берүү тармагын талкалап салган.

Буга чейин, былтыр Жогорку Кеңештин дагы бир детутаты Камила Талиева билим берүү тармагындагы реформаларга нааразычылыгын билдирген.

Анын айтымында, мугалимдер министрлик жүргүзүп жаткан реформаларга нааразы. Гимназиялардын статусунан ажыратуу мамлекеттик мектептерде билим берүүнүн сапатынын начарлашына, тажрыйбалуу мугалимдердин жеке менчик окуу жайларга кетишине алып келет.

«Бул реформа эмес. Биз кайра артка бара жатабыз. Кыргыз билим берүү академиясынан бардык күчтүү окумуштуулар кетип калышты. Алар методикалык сунуштарды берип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп турушкан. Мен 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө каршы болчумун, анткени биз буга даяр эмеспиз», - деген Камила Талиева.

Бүгүнкү коллегияда Билим берүү жана илим министри Кендирбаевага “эскертүү” берилди.

Баса белгилеп кетчү нерсе – бир топ министрликтердин, башкармалыктардын орун басарларына катуу сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматтан бошотулду.

Жыл сайын өткөн мындай коллегияларда мынчалык катуу чаралар көрүлгөн эмес. Бир маалда эле мынча аткаминерлер кызматтан бошотулуп, катуу сөгүш алганы биринчи жолу болуп жатат. Бирок мунун себептеринде негиз бар деп дагы айтууга болот. Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тажрыйбасы мол, түздөн түз ушул чиновниктер менен иш алып барып, ар бир министирликтин, кызматта тургандардын дараметтерин жакшы билет. Орун басарлары кызматтан алынып, сөгүш алгандарынын себеби, булар өздөрүнүн мекемесиндеги бардык көйгөйлөрдү билип туруп, тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес.

Муну менен катар президентке 7 акимди жумуштан алуу сунушталды. Демек, иштеринде кемчиликтер болгон.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, дотацияда турган региондорго жыл сайын мамлекет акча-каражатын бөлүп берет. Ошол каражаттар өздөштүрүлбөй калып кетет. Бул каражаттар жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жумшалып, алардын жашоо шартын оңдоого сарпталыш керек эле. Эгерде жергиликтүү жетекчилер берилген даяр каражаттарды өздөштүргөндү билбесе, демек, алардын ошол региондун өнүгүшүн көздөгөн иш-пландары жок, же андай иштерди аткаруу тууралуу түшүнүгү жок.

Ошондуктан, өкмөт тарабына бүгүнкү масштабдуу тазалоонун башкы максаты, аткаминерлерден кагаз бетиндеги отчеттор эмес, алардын реалдуу натыйжа бергени маанилүү. Буга катуу көнүл бурулуп жаткандыктын дагы бир себеби, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, алдыга алгылыктуу кадам таштап жаткан мезгилде, өнүгүүнүн жүрүшү иш билбегендердин кесепетинен, жайланып калбаш керек.