Экинчи дүйнөлүк согуш-адамзаттын тарыхындагы эң оор жана кандуу мезгилдердин бири. Ал убакта көптөгөн жигит-кыздар өз өмүрүн мекенинин, элинин эркиндиги үчүн курмандыкка чалган. Мына ушул кыйын сыноодон аман-эсен кайтып келген ардагерлердин эрдиги, өмүр жолдору биз үчүн зор мурас болуп калат. Алар согуштун майданында жүрүп, бүтүндөй дүйнөнү каптаган кыйноолорго, кайгылуу учурларга карабай, өзүнүн мекенине жана элине болгон сүйүүсүн, милдетин так аткаруу менен көрсөтүштү. Алардын катарындагы ардагерлердин бири Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Беш-Бадам айылдык советинин тургуну Гапыр Бекматов болгон. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги ардагердин эрдиги, баатырдыгы тууралуу анын уулу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен маек курду.

- Саламатсызбы? Алгач атаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Атам Гапыр Бекматов 1910-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Беш-Бадам айылдык советинде туулган. Ал экиге толгондо атасы каза болсо, эки жылдан кийин апасы каза болуп калат. Ошентип томолой жетим калган атам туугандарынын колунда чоңоет. Колхоздогу түрдүү жумуштарды ылгабай, баарын кылып өсөт. Атамдын өзүнүн эскерүүсүндө балачагы кыйын болгонун көп айтчу. Ата-энесинин жоктугу, жокчулук, тартыштык аны ак эмгекке, чынчылдыкка чыйралтканын көп эскерип калар эле.
- Согушка качан чакырылган, ошол күндөрдү атаңыз кантип эскерчү эле?
- Атам 1941-жылы согуш башталганда биринчилерден болуп аскерге чакырылган. 1941-жылдан 1945-жылга чейин Беларус жана Рига фронтунда кызмат өтөгөн. Ата Мекендик согушка Кыргызстандан жалпысынан 360 миңден ашуун жоокер барган. Атамдын Советтер Союзунун көз карандысыздыгын, фашисттик Германиянын баскынчылыгынан куткарууда өз эрдигин көрсөткөн, азаттыкка жетүүнү көздөгөн патриот аскерлердин катарында болгонуна сыймыктанам. Бул менин эле эмес, биздин айылыбыздын дагы чоң сыймыгы десем болот. Анткени, менин атам төрт жыл бою, төрт жолу ок жеп жарадар болгонуна карабастан мекен үчүн тикесинен тик туруп кызмат өтөгөн.

Акыркы жолу 1945-жылдын кыш айларында бутуна ок тийип, госпиталда дарыланып, мекенине кайткан.Тилекке каршы атам согуштан экинчи топтогу майып болуп келген. Өзүнүн айтып бергенине караганда мекенине атам 1945-жылы 8-май күнү кайтып келген экен. Келгендин эртеси күнү эле жеңиш жарыяланып, атам бул күндү жашоосундагы эң бактылуу күн экенин көп айтып калчу.

- Согуштун кесепетинен атаңыз эмнелерге дуушар болду эле? Азыркы бейпил жашоого оңой-олтоң жетпегендигибизди айтып берчү беле?
- Албетте. Бейпилдикте билим алууга, барчылыкта жашоого тынчтыктын ролу чоң экенин көп айтат эле. Атам согуш тууралуу өзү айтып бергенде биз кино көргөндөй эле укчугубуз. Азыр мен айтып бергенден 100 эсе жакшы айтып бермек. Атам согушуп жүргөндө жокчулукту, тартыштыкты баалап калганын көп айтчу.
Согуш учурунда тамак-аш аябай тартыш болуптур. Бирок, согуштагы ар бир адамдын жеңишке болгон ынтызарлыгы, аракети бул кемчилдиктердин баарын унуткарып турчу деп көп айтар эле. Атам өзү достукка, биримдике умтулган адамдарды жакшы көрчү. Кайсы улуттун өкүлү болбосун, алар менен бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымактуу болуп алдыга коюлган максаттарга чогуу умтулушкан. Чогуу аракет кылышкан. Сеники - меники, сен алдында басышың керек, мен артта басышым керек дебей бирге баарына бирге жетишкен.

- Эл баатыры болгонбу, кандай наамдары бар?
- Атамдын эсте каларлык бир жакшы окуясы эсиме түшүп калды. Айтып бербесем болбойт. Фронтто жүргөндө жанындагы жоокерлери жана орус капитаны менен курчоодо калып калышат экен. Ошол жерден бардык жоокерлер артка чегинишкенде мен сойлоп барып капитанымды сүйрөп алып чыкканмын деп сыймыктануу менен эскерип калчу эле. Бул эрдиги үчүн капитаны ыраазычылыгын билдирип, “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйлаптыр.

Мындан башка да наамдары негизи көп болчу. Тилекке каршы, көбү жок болуп кетти. Алардын басымдуусу колхоздогу күжүрмөн эмгеги үчүн берилген. Учурда наамдарынын ичинен “За боевые заслуги” деген жакшы медалы жана жогоруда белгилеп өткөн “Кызыл жылдыз” ордени сакталып калган.
