Бишкек,12.08.25. /Кабар/. Ата-Түрк паркында курулган турак жайлар маселеси менен Көк-Жар конушунун 172-контурундагы абалды салыштырууга бир да негиз жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулган үйлөргө Ата-Түрк паркындагыдай ыкманы колдонууга мыйзам жол бербейт. Анткени, Көк-Жар конушундагы турак жай ээлери менен мэриянын ортосунда сот иштер, укук талашы жок.
“Мисалы, Ата-Түрк паркына жеке турак жайлар курулсун деп чечимдер чыгып, аларга убагында уруксат берилген. Мында курулган үйлөр биринен-бирине сатылып, экинчи, үчүнчү кожоюн пайда болгондуктан жагдай башка. Ортодон бир нече чечимдер чыгып, жерге эмес үйгө алардын менчик укуктары бекитилип калган. Биз соттошуп, бүгүнкү күнгө 83 арыз бердик, ал эми 31 арызды ошол үйлөрдүн ээлери берди. Конституциялык сот мэриянын чечими мыйзамдуу экенин айтууда. Анткени, биз азыркыны жокко чыгарып, мурдагы чек арасында 107 гектар жерди жаңыдан бекиттик. Бирок, ошол учурда ар бир үйдүн укугу сот аркылуу каралсын деп жатат. Эми сотто бул маселе көпкө чейин каралары баарыбызга белгилүү. Ошондуктан биз убакытты кетирбестен, бир чети жылдан жылга начарлап бараткан, парктын абалын жакшыртуу максатында бизге алар 500 млн сом акча каражатын төлөп бермей болушту. Бул каражат толугу менен паркты өнүктүрүүгө жумшалат. Эгер ашыкча каражат калса, Бишкектин аймагында жайгашкан башка парк, скверлерди жакшыртууга колдонулат”,- деди шаар мэри.
Ал эми Көк-Жар конушундагы 172-контурда мыйзамсыз курулуштар боюнча абал таптакыр башкача экенин калаа башчысы белгиледи.
“Көк-Жарда эмне максатта, эмненин негизинде акча чогултабыз? Алардан акча чогултпастан башка альтернативдүү чечимдер сунушталып, башка тартипте каралчу маселе. Бул эки маселени аралаштырып, биринде колдонгон ыкманы башкасында колдоно албайбыз. Көк-Жардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе эч кандай акча каражаты жок башка нук менен чечилиш керек. Анткени, мында болгону эч бир чечими жок мыйзамсыз курулуштар каралып жатат. Коомчулукта жөн жерден эле жеке турак жайлар бузулууда деген түшүнүктөр да болууда. Биз ал жерде бир да үйдү бузган жокпуз, болгону коммерциялык объекттерди бузганбыз. Аларда курулуш түп тамыры менен мыйзамсыз, мунапыска да жатпайт. Негизи айыл чарба багытындагы жерге турак жай курууга мыйзам менен тыюу салынган. Карапайымдар менен байларга эки башка мамиле болуп жатат деп айтып жаткандар Көк-Жар конушуна барып үйлөрдү көрүшсүн. Конуштагы үйлөрдү көрүп кедей деп айтыш кыйын. Мисалы, бир жер тилкеси 25 миң доллардан өйдө, курулган үйү 150 миң доллар болуп жатса кайсы категорияга кошулат?”,- деди Жунушалиев.
Белгилей кетсек, шаар мэринин маалыматы боюнча Ата-Түрк паркынын аймагындагы жердин менчиктештирилиши боюнча бардыгы 151 мамлекеттик акт бар. Аталган парктын баштапкы аянты 107 гектар болсо анын 24 гектар турак жай салынган жер аянтын кайтаруу боюнча доо арыздар каралып жатат. Учурда анын 5 гектар бош жери паркка кайтарылып, калыбына келтирилген. Менчиктештирилген жерде жеке турак жай, көп кабаттуу үйлөр жана жер тилкелери бар. Бүгүнкү күндө эки тарап бир чечимге келип, курулуп калган жеке турак жайлардын, көп кабаттуу үйлөрдүн жана коммерциялык жайлардын ээлери 500 млн сом каражат төлөп бермей болушкан. Учурда чогулган 97 млн сом жана каражат толугу менен парктарды реконструкциялоо иштерине жумшалмакчы.
Бишкектин Көк-Жар конушундагы абалга токтолсок, мында айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз курулуштар түшкөн. Акыркы маалымат боюнча конушта мыйзамдын алкагында 13 коммерциялык объект бузулду. Калаа башчысы маалымдагандай, негизинен аталган конушта 1089 объект каралып, анын 149 объекттисин жер мунапысынын алкагында карап чыкса болот. Анткени, бул үйлөр 2021-жылдын 1-декабрына чейин курулган. Аларды жер мунапысы алкагында мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүк бар. Калган 236 объект жер мунапысы мыйзамына кирбейт. Себеби, 2022-жылдан баштап 2025-жылга чейинки убакытта курулган турак жайлар.
Эскерте кетсек, 2024-жылы өлкөдөгү админитративдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн менен Сокулук районунун баш аягы 23 айылды камтыган 8 айыл өкмөтү Бишкек шаарынын аймагына өткөн. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 6 айында борбор калаада чыр-чатагы жок 6 миң 314 мыйзамсыз курулуштар бузулганы кошумчаланды.