Ат-Башыда "Кыргыз шырдагы" жана "Кыргыз даамы" маданий фестивалдары өттү

Министрлер кабинети 30 Июнь 2025 09:00
686176b7054a4.jpg
686176b7a4d7a.jpg
686176b70549b.jpg
686176b741be9.jpg
686176b7502b1.jpg
686176b7858f0.jpg
686176b787257.jpg
Алдыга
Артка
686176b7054a4.jpg
686176b7a4d7a.jpg
686176b70549b.jpg
686176b741be9.jpg
686176b7502b1.jpg
686176b7858f0.jpg
686176b787257.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башы районунда улуттук кол өнөрчүлүктү, гастрономиялык мурастарды жайылтуу жана ички туризмди өнүктүрүү максатында өткөн салттуу “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” маданий фестивалдарына катышты.

Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мындай иш-чаралар улуттук биримдикти гана чыңдабастан, өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нарын облусун өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялар тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди. Анын айтымында, учурда облуста облустун бардык райондорун камтыган 9,4 млрд сомдон ашык инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.