Астанадагы экологиялык саммит: Президенттер көргөзмөдөгү павильондор менен таанышты

Президент 2057 22 Апрель 2026 12:50
photo_5425025856926586111_y.jpg
photo_5425025856926586109_y.jpg
photo_5425025856926586108_y.jpg
photo_5425025856926586107_y.jpg
photo_5425025856926586106_y.jpg
photo_5425025856926586105_y.jpg
photo_5425025856926586104_y.jpg
photo_5425025856926586103_y.jpg
photo_5425025856926586102_y.jpg
photo_5425025856926586101_y.jpg
photo_5425025856926586100_y.jpg
photo_5425025856926586099_y.jpg
photo_5425025856926586098_y.jpg
photo_5425025856926586110_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5425025856926586111_y.jpg
photo_5425025856926586109_y.jpg
photo_5425025856926586108_y.jpg
photo_5425025856926586107_y.jpg
photo_5425025856926586106_y.jpg
photo_5425025856926586105_y.jpg
photo_5425025856926586104_y.jpg
photo_5425025856926586103_y.jpg
photo_5425025856926586102_y.jpg
photo_5425025856926586101_y.jpg
photo_5425025856926586100_y.jpg
photo_5425025856926586099_y.jpg
photo_5425025856926586098_y.jpg
photo_5425025856926586110_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди.

“EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тосуп алуу аземи болду.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет жана өкмөт башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Азербайжандын премьер-министри Али Асадов — Жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышты.

Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады.

Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.

Көргөзмөнү көрүп чыккан соң делегация башчылары Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынына катышуу үчүн Конгресс-борбордун имаратына өтүштү.

Регионалдык экологиялык саммит туруктуу өнүгүү боюнча жалпы көз карашты калыптандырууга жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саясатын Бириккен Улуттар Уюму менен өнөктөштүктө координациялоого багытталган.

Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.