Бишкек, 14.06.25. /Кабар/. Күн мурун Астана шаарында кыргыз-казак саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Консультациялар Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамбет Конуспаевдин төрагалыгы астында өттү.
Анда эки тараптуу кызматташтык жана аймактык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-транзиттик, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин толук талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсү тууралуу пикир алмашуу болду. Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүү шартына байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Ошол эле учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет, өкмөт жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча Казакстандын президенти К. Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо боюнча жол картасына кол коюлду.