Асеин Исаев БУУнун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Саясат Загрузка... 22 Май 2025 18:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү - Борбор Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун башчысы Каха Имнадзе менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР жана Регионалдык борбордун учурдагы өз ара аракеттешүүсүн, анын ичинде терроризмге каршы аракеттенүү, наркотрафик менен күрөшүү жана климат маселелери, ошондой Регионалдык борбордун 2025-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Каха Имнадзе 2025-жылдын февралында БУУнун Коопсуздук кеңешинде өткөн брифинг, Афганистандагы азыркы саясий-экономикалык абал жана анын Борбор Азияга тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Асеин Исаев Борбор Азиядагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттарда болуп жаткан оң жылыштарды эске алуу менен Кыргызстан превентивдүү дипломатияны жана бардык маселелерди дипломатиялык, тынчтык жол менен жөнгө салууну эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуудагы негизги механизм катары эсептээрин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын БУУ тутумдары жана өзгөчө Регионалдык борбор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээли айтылды.

Андан сырткары, превентивдик ишмердүүлүк жана коопсуздук коркунучтарга каршы жаатында Регионалдык борбордун мандатынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүү маселелери боюнча ар тараптуу кызматташууну мындан ары да улантууга даярдык баса белгиленди.